Мисир: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик колдонмодон түзөтүү iOS app edit
1-сап:
[[Файл:EGY orthographic.svg|thumb|Египет.]]
'''Мисир '''(Мисир Араб Республикасы) – [[Африка|Африканын]] Түндүк-чыгышындагы жана Азиянын Синай жарым аралындагы өлкө. Суэц булуңундагы жана Кызыл деңиздеги айрым чакан аралдар да Мисирге таандык. Түндүгүнөн Жер Ортолук деңиз, чыгышынан Кызыл деңиз, Суэц, Акаба булуңдары менен чулганып, батышынан Ливия, түштүгүнөн Судан, Түндүк-чыгышынан Израиль жана Палестина менен чектешет. Мисир Европа, Америка өлкөлөрүн Азия жана Чыгыш Африка өлкөлөрү менен байланыштырган эл аралык аба жана деңиз жолдорунун кесилишинде жайгашкан. Мисирдин аймагынан Атлантика океанын Инди океаны менен туташтырган кыска деңиз жолу – Суэц каналы өтөт. Аянты 1001,4 миң ''км''2 (анын 96%и чөлдүү аймак). Калкы 72,5 млн (2007). Мамл. тили – араб тили. Акча бирдиги – Мисир фунту. Борбору – Каир шаары. Административдик жактан 27 мухафазага (губернаторлукка) бөлүнөт (к. таблицаны).
 
Мисир – БУУнун (1945), ЮНЕСКОнун, Африка союзунун (1963), Араб өлкөлөр лигасынын (1945), Ислам конференция уюмунун (1969), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995), ЭВФтин (1945) жана башка уюмдардын мүчөсү.
 
==Мамлекеттик түзүлүшү==
Мисир – унитардык республика. Конституциясы 1971-ж. кабыл алынган. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекеттин жана аткаруу бийлигинин башчысы – президент. Мыйзам чыгаруу бийлиги Элдик жыйынга жана Консультациялык кеңешке таандык. Аткаруу бийлиги премьер-министр башында турган өкмөт (министрлер совети) тарабынан да ишке ашырылат. Бийликтин президентке жана өкмөткө да көз каранды эмес жалгыз бутагы – сот системасы.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Мисир" булагынан алынды