Косово: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик колдонмодон түзөтүү iOS app edit
No edit summary
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик колдонмодон түзөтүү iOS app edit
13-сап:
Өлкөнүн аймагынын басымдуу бөлүгүн Косово талаасы жана Метохия ойдуңдары ээлейт. Ойдуңдар аркылуу Ак Дрин, Ибар дарыялары агып өтөт.
Климаты мелүүн, континенттик (январдын орточо температурасы 0°Сдей, июлдуку 20°С; жылдык орточо жаан-чачыны 700 мм). Тоо капталдарын жазы жалбырактуу токой, шалбаа ээлейт; жайыты арбын.
[[File:Mitrovica Beauty.JPG | thumb | 220x124px | right | Митровица, Косово.]]
 
==Тарыхы==
8–12-кылымдарда Косово аймагы Рашка мамлекетине, Биринчи Болгар падышалыгына жана Византияга, 12-кылымдын аягында сербдердин бирдиктүү мамлекетине кирген. 1346-жылдан Серб патриархатынын (резиденциясы – Печ шаары) борбору болгон. Косово талаасындагы салгылашуудан (1389) кийин Косово Сербия менен бирге түрк султандыгынын (1459-жылдан Осмон империясынын курамында) вассалына айланган. 17-кылымга чейин аймактагы калктын көп бөлүгүн сербдер түзгөн. 1683–99 -жылдары Австрия-Түркия согушунун жүрүшүндө Косово аймагын австриялык аскерлер ээлеп, сербдер массалык түрдө Косоводон чыгып кетишкен. 19-кылымдын аягында Косово албандардын улуттук кыймылынын борборуна айланган. 1878-ж. Призрен шаарында аскердик-саясий уюм – Призрен лигасы (Албан лигасы) уюшулуп, Осмон империясынын курамындагы бардык албандарды автономиялык административдик бирдик түзүүгө чакырган. Түрк бийлиги автономия жөнүндө маселени кароодон баш тарткандыктан, албан улуттук кыймылынын лидерлери алар менен болгон байланыштарын үзгөн. Призрен лигасынын куралдуу отряддары Косово аймагынын бир бөлүгүн басып алып, жергиликтүү албан администрациясынын органдарын түзгөн. 1881-ж. Косово аймагына түрк аскерлеринин кириши менен кыймыл токтотулган. 1897–1900-жылдары Косоводо албандардын кыймылы кайрадан күч алган. Балкан согуштарынын (1912–13) натыйжасында Косово Сербия менен Черногориянын, 1918-ж. Серб, хорват жана словендер (1929-жылдан Югославия) королдугунун курамына кирип, 3 административдик-аймактык бирдиктердин (Вардар, Зет жана Моравия бановиндери) ортосунда бөлүштүрүлгөн. 1941-ж. Улуу Албаниянын курамына Косовонун борбордук бөлүгү, 2-дүйнөлүк согуш убагында Косовонун көп бөлүгү Албания италия протекторатынын курамына бириккен. Италиялык аскерлердин оккупациясы мезгилинде 40 миңдей серб өлтүрүлүп, 100 миңдей серб Косовону таштап кетүүгө аргасыз болгон. 1944-жылдын аягында Косово аймагы италиялык аскерлерден бошотулуп, 1945-ж. кайрадан Югославия Федеративдик Эл Республикасынын (1963-жылдан Социалисттик Федерациялык Югославия Республикасы, СФЮР) курамына кошулган. 1945–63-жылдары АО.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Косово" булагынан алынды