Лезгиндер: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик колдонмодон түзөтүү iOS app edit
No edit summary
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик колдонмодон түзөтүү iOS app edit
 
1-сап:
'''Лезгиндер''' (өздөрүн лезги, лезгияр дешет) – [[Орусия|Орусиядагы]] эл; Чыгыш [[Кавказ|Кавказдагы]] лезгиндер тобундагы калк. Негизинен Дагстандын түштүгүндө, Азербайжандын түндүк-чыгышында жана Россияда (411, 5 миң), ошондой эле [[Казакстан]], [[Түркмөнстан]], [[Өзбекстан]], [[Кыргызстан]], [[Украина]], [[Грузия]] жана [[Түркия Республикасы|Түркияда]] да жашашат. Жалпы саны 640 миң киши (2009), анын ичинде 336, 7 миңи Дагстанда (2002). Лезгин, азербайжан жана орус тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендери – мусулман-сунниттер, шииттер да бар.
[[File:Lezgin map.png | thumb | 220x124px | right | Лезгиндердин жашаган ареалы.]]
 
==Тарыхы==
Дагстандын жергиликтүү калкынын бири. Лезгиндердин ата-теги Кавказ Албаниясы, кийин Лакз (Лекх) саясий бирикмесине, Араб халифатына жана Дербент ээлигинин курамына кирген. 11–14-кылымда лезгиндердин автономиялык бирикмеси (айыл жамааты) пайда болгон. 18-кылымда лезгиндердин бир бөлүгү Куба жана Дербент хандыктарынын, 19-кылымдын башында Россиянын курамына кирген. 20-кылымдын башында өзүнчө эл болуп калыптанган. Лезгиндер дыйканчылык, мал чарбачылык, багбанчылык менен кесиптенип, өнөр жайда иштешет. Салттуу тамак-ашы – [[дан]], эт, сүт азыктары.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Лезгиндер" булагынан алынды