БУУ уставы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Робот: Автоматизированная замена текста (-Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. +[[Юридика аталг...
мNo edit summary
1-сап:
'''БууБУУ уставы''' – Экинчи дүйнөлүк согуш маалында гитлердик биримдикке каршы коалициянын зордөөлөт мамлекеттери ([[СССР]], [[АКШ]], [[Улуу Британия]], [[Франция]], [[Кытай]]) тарабынан иштелип чыгып, 1945-жылдын 25-июнунда 50 өлкөнүн өкүлдөрү катышкан [[Сан-Франциско (Калифорния)|Сан-Францискодогу]] [[Сан-Франциско Конференциясы|Конференцияда]] бир добуштан кабыл алынган көп тармактуу эларалык келишим. Устав алгы сөздөн, 19 главадан, 111 статьядан жана [[БУУ|БУУнун]] Эларалык Сотунун Статутунан турат. Уставда анын баардык мүчөлөрүнүн эгемен теңчилиги; зор дөөлөт мамлекеттердин – БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрүнүн бирдей пикири ([[бөгөт коюу укугу]]); анын баардык мүчөлөрүнүн өзүнө жүктөлгөн милдеттенмелерди акниеттүүлүк менен аткаруусу; эларалык талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен чечүү; БУУ мүчөлөрүнүн кандай гана мамлекет болбосун, анын аймактык колтийгистигине жана саясий көзкарандысыздыгына каршы корутуп-үркүтүүдөн же күч колдонуудан баштартышы; баскынчыларга каршы мажбурлоо чараларын колдонуу боюнча иш-аракеттерге БУУнун көмөк көрсөтүүсү; БУУнун мамлекеттердин ички иштерине кийлигишпөөсү. Устав БУУ мүчөлүгүнө кабыл алуу тартибин, башкы органдардын (Башкы Ассамблеянын, Коопсуздук Кеңешинин, Камкордук боюнча Кеңешинин, Эларалык Соттун, Катчылыктын) түзүмү менен иш-милдетин жөнгө салат; зарыл болуучу көмөкчү органдарды түзүү укугу (7-статья); эларалык талаштарды тынчтык жолу менен чечүү; БУУнун тынчтыкка коркунуч туулгандагы, тынчтык бузулгандагы, баскынчылык болгондогу иш-аракети; аймактык эларалык уюмдар менен макулдашуулардын ж. б. БУУ иштери боюнча маселелердин укуктук статусу.
 
== Колдонулган адабияттар ==
* [[Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү]]. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7
 
== Шилтемелер ==
* [https://www.un.org/en/about-us/un-charter/full-text БУУ Уставы]
 
[[Категория:Юридикалык аталгылар жана түшүнүктөр ]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/БУУ_уставы" булагынан алынды