Хива хандыгы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: макалаларды автоматтык импорттоо
 
мNo edit summary
1-сап:
'''Хива хандыгы''' - [[Орто Азия|Орто АзиядаАзиядагы]]гы 16- 20-кылымдын башындагы [[феодалдык мамлекет]].
1512-ж. өзбек ханы [[Элбарс]] негиздеген. Хандыкка байыркы [[Хорезм]], ошондой эле [[Мангышлак]], [[Дагстан|Дагестан]], [[Узбой|Узбойдо]] [[түркмөндөр]] жердеген аймак жана [[Хорасан|Хорасандын]] түндүк бөлүгү кирген. Борбору-Вазир, Ургенч[[Үргөнч]], [[Хива]]. 16-18-кылымдын биринчи жарымында Хива хандыгынын ичинде өз ара күрөш жана [[Бухара хандыгы|Бухара]], [[Иран]] менен тынымсыз согуш болуп турган. Хандыктын [[Орус Императорлугу|Россия]] букаралыгына өтүүгө кылган аракети ишке ашпай, аны 1740-ж. Иран басып алган. Ал 1747-ж. кайрадан өз алдынча хандык болуп, ич-ара күрөштөн кийин 1763-ж. бийликке Коцурат династиясы келген. [[Мухаммед Рахим|Мухаммед-Рахимдин]] тушунда (1806-25) Хива хандыгын бириктируу аяктап, кубаттуу мамлекетке айланган.
1873-ж. орус аскерлери Хива хандыгын каратып, тынчтык келишими боюнча Хива хандыгы Аму-Дарыянын оң жээгинен баш тартып, Россиянын вассалына айланган. Хива хандыгынын калкы (өзбек, туркмен, каракалпак, казак) дыйканчылык жана малчылык менен кесип кылган. Хандыкта феодалдык, мамилелер менен катар патриархалдык-уруулук, кулчулук түзүлүштүн калдыктары да сакталып, хан чексиз бийлик жүргүзгөн. [[Октябрь революциясы|Октябрь революциясынын]] жеңишинен кийин 1920-ж. 2-февралда көтөрүлүш чыгарган эл [[Кызыл Армия|Кызыл Армиянын]] жардамы менен хан бийлигин кулатып, ошол эле жылы 26-апрелде [[Хорезм элдик советтик республикасы|Хорезм. Элдик Советтик Республикасы]] жарыяланган.
 
==Колдонулган адабияттар==
* Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.
 
[[Категория:Тарых]]
[[Категория:Хандыктар]]