Азов деңизи: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м А
мNo edit summary
1-сап:
[[Файл:Sea of Azov-NASA.jpg|thumb|Aзов деңизи.]]
'''Азов деңизи''' (лат. - Меот көлү, байыркы орусча - Сурож деңизи) - [[Атлантика океаны|Атлантика океанынын]] алабындагы ички [[деңиз]]. [[Чыгыш Европа түздүгү|Чыгыш Европа түздүгүнүн]] түшүк бөлүгүндө. Керчь кысыгы аркылуу [[Кара деңиз]] менен туташат. Аянты 39 миң км<sup>2</sup>. Тайыз деңиздерге кирет; эң терең жери 13 м. Түндүк жана түштүк жээктери дөбө-дөңсөөлүү, жардуу, батыш жана чыгыш жээктери негизинен ойдуңдуу. Жээктери булуң-буйткалуу, кумдуу саяңдар ([[Бердянск]], [[Арабат Жебеси]]) жана булуңдар ([[Таганрог]], [[Темрюк]], [[Сиваш]]) көп. [[Дон дарыясы|Дон]] жана [[Кубань дарыясы|Кубань]] дарыясы куят. Суусунун температурасы жайында 20-30°С, кышында 0°Сден төмөн. 2-3 ай бою муз каптап жатат. Орточо туздуулугу 9дан 13,8%оге чейин. Балык (хамса, тюлька, [[лещ]], [[судак]] көбүрөөк) кармалат. Кеме жүрөт. [[Волга-Дон каналы]] аркылуу [[Каспий деңизи|Каспий]], [[Ак деңиз|Ак]], [[Балтика деңизи|Балтика]] деңиздери менен туташат. Башкы порттору: [[Жданов]], Таганрог, Ейск, Бердянск. Курорттору бар.
 
==Колдонулган адабияттар==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Азов_деңизи" булагынан алынды