Испан тили: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
[[]]
No edit summary
1-сап:
[[File:Hispanophone global world map language.svg|thumb]]
'''Испан тили''' – Испандардын жана Латын Америкасындагы көпчүлүк элдердин тили. [[Испания]] Королдугунун (анын ичинде Түндүк Африкадагы Сеута жана Мелилья анклавдарынын), [[Түштүк Америка]]да [[Гватемала]], [[Гондурас]], [[Коста-Рика]], [[Никарагуа]], [[Панама]], [[Сальвадор]]дун расмий, [[Аргентина]], [[Венесуэла]], [[Колумбия]], [[Парагвай]], [[Перу]], [[Боливия]], [[Уругвай]], [[Чили]], [[Эквадор]]дун тең расмий тили (жергиликтүү тилдер менен катар). БУУнун расмий жана жумушчу тилдеринин бири. Испан тили роман тил тобуна кирет. Испания аймагы эки негизги диалектилик ареалга бөлүнөт: Түндүк (кастилия, арагон-каварра ж. б. диалектилер) жана түштүк (андалус, канар ж. б. диалектилер). Испан адабий тили кастилия диалектисинин негизинде түзүлгөн. Грамматикалык түзүлүшү боюнча жөнөкөйүрөөк: зат жана сын атоочтор жөндөлбөйт, сөз ирети [[француз тили]]не караганда эркин келет. Башка роман тилдериндегидей эле испан тилинде этиштин формалары да бар. Испан [[графика]]сы латын [[алфавит]]инин негизинде. Жазуусунда тыбыштык принцип алынган.
 
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Испан_тили" булагынан алынды