"Түндүк Америка" түзөтүүлөрүнүн айырмасы

Ошондой крч
No edit summary
(Ошондой крч)
Белгилер: Көрсөтмөлүү оңдоо Мобилдик оңдоо Мобилдик версиясынан оңдоо
 
 
Калкы 531,1 млн (2009). Түндүгүнөн Түндүк Муз океаны (Бофорт, Баффин деңиздери жана Гудзон булуңу), батышынан Тынч океан (Беринг деңизи, Аляска жана Калифорния булундары), чыгышынан Атлантика океаны ([[Кариб деңизи|Карьб деңизи]], Мексика жана Ыйык Лаврентий булуңдары) менен чулганат. Түштүк чеги негизинен Панама мойногу аркылуу өтөт. Анын эң түндүк учу Мёрчисон тумшугу, батышында - Уэльс Принц, чыгышы - Сент-Чарльз тумшуктары. Канаданын жана Түштүк Алясканын жээктери фьорд дор менен терең тилмеленген. Атлантика океаны жээк жагында дарыялардын эстуарийлери жана дельталары басымдуу. Батыш жээги начар тилмеленген, тоолуу. Эң ири жарым аралдары: түндүгүндө - Вутия, Мелвилл, чыгышында - Лабрадор, батышында - Сьюард, Аляска, түштүгүндө - Флорида, Калифорния, Юкатан. Ири аралдары: Гренландия, Канадалык Арктика архипелагы, Вест-Индия, Алеугп аралдары, Александр архипелагы жана Атлантика океанынын Бермуда аралдары, Сен-Пьер, Микелон ж. б. Түндүк Американын рельефи чыгыштан батышты карай өзгөрөт. Материктин батышында түндүктөн түштүккө Кордильера тоо системасы (к. ТундукАмерика Кордилъерасы) созулуп, чыгышын кенен түздүктөр, плато, орто бийик тоолор ээлейт. Орт. бийикт. батышында 1700 м, чыгышында 200-300 м. Түндүк-чыгышында Лаврентий дөңсөосү, түндүгүндө Макензи ойдуңу, борбордук бөлүгүндө бөксө тоолуу Улуу туздуктөр (бийикт. 500-1500 м) жана тектирлүү Борбордук туздук (бийикт. 500 -мге чейин) жайгашкан. Чыгыш чети Канадалык Арктика архипелагы, Лабрадор, Аппалачи тоолору менен курчалган. Түштүк-чыгышында Атлантика бою ойдуңу жана Мексика бою ойдуңу орун алган. Материктин батыш жээгинде Кенай, Чугач, Ыйык Илья (Логан чокусу, бийикт. 6050 м), АКШнын Жээк, Канаданын аралдык кырка тоолору жана булуңдар (Кук, Калифорния) менен ойдуңдар (Сакраменто дарыянын жана Калифорния өрөөндөрү) ээлеген тилке бар. Кордильера тоо тизмеги Мексика тайпак тоосунан түштүктү карай экиге ажырап, бир бөлүгү чыгышты карай суу астындагы кырка тоолорду жана Вест-Индиянын аралдарын пайда кылып, Венесуэла Анд тоолоруна, экинчиси Теуантепек жана Панама мойноктору аркылуу Колумбия Анд тоолоруна өтүп кетет.
 
Геологиялык түзүлүшү. Түндүк Американын борбордук бөлүгүн байыркы кембрийге чейин пайда болгон Түндүк Америка (Канада) платформасы ээлейт. Платформанын фундаменти АКШнын түндүгүндө, Канадалык Арктика архипелагынын түштүгүндө, ошондой эле Гренландиянын батыш жана түштүк-чыгыш четинде жер бетине чыгып, Канада калканын түзөт. Вул бөлүгү метоморфизмделген жанартоо чөкмөлөрү менен гранит-гнейстен турат. Платформа каледон (түндүк-чыгышы, Гренландия, Ньюфаундленд, [[Түндүк Аппалачи]]), герцин (Түштүк Аппалачи, Канадалык Арктика архипелагы) мезозой-кайназой (Кордильералар) жашындагы тоолор менен курчалган. Кен байлыктарынын көбү Канада калканы менен Кордильерада. Дүйнөлүк мааниге ээ кендери: темир (Жогорку Көлдөр аймагы, Лабрадор жарым аралы), никель (Канададагы Садбери кени ж. б.) алтын, кобальт (Аляска, Калифорния, Канада ж. б.), уран (Гурон, Колорадо платосу ж. б.), таш көмүр (Аскалуу тоолор, Ворб. түздүк, Аппалачи ж. б.), калий тузу (Канада), фосфаттар, түстүү жана сейрек металлдар, Тынч океан жак жээкте нефть жана газ бар. Арктикада алмаз концентрациясы табылган.
Anonymous user