Дунай: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Черногория өз алдынча мамлекет болуп чыгып кетти.
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
No edit summary
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
25-сап:
}}
 
'''Дунай дарыясы''' (нем. Donau, венгрче Duna, болгарча, сербче Дунав, чехче Dinaо, румынча Dunarea) – Батыш Европадагы эң ири дарыя. Узундугу 2850 км. Алабынын аянты 817 миң км<sup>2</sup>. [[Германия]],[[Австрия]], [[Словакия]], [[Венгрия]], [[Хорватия]], [[Сербия]], [[Болгария]], [[Румыния|Румыниянын]] аймактарыжана [[Украина]] өлкөлөр аркылуу агып өтөт. Шварцвальд тоосунун тармактарынан башталып, Венадан жогору карай көбүнчө тоолор аркылуу, андан Темир Дарбазага чейин (Румыния менен Сербиянын чегинде) [[Ортонку Дунай түздүгү|Орто]] жана [[Төмөнкү Дунай түздүгү|Төмөнкү Дунай түздүктөрү]] аркылуу агат. [[Кара деңиз|Кара деңизге]] куярда дельтаны түзүп, 3 айрыкка (гирлого) бөлүнөт. 300дөн ашык куймасы бар (негизгилери: [[Драва]], Тиса, Сава, Олт, Сирет, Прут). Жаз, жай айларында кирет, орточо чыгымы 6430 м<sup>3</sup>/сек. Жогорку агымына чейин кеме жүрөт. Борбордук жана Түштүк-Чыгыш Европаны байланыштырууда транспорттук мааниси зор. Темир Дарбазада ири Жердап ГЭСи, Австрия менен Германиянын аймагында ГЭС каскады бар. Балык (көбүнчө дельтасында) кармалат. Боюнда Регенс бург (Германия), Линц, [[Вена]] ([[Австрия]]), [[Братислава]] (Словакия), [[Будапешт]] (Венгрия), Нови-Сад [[Белград]] (Сербия), Русе (Болгария), [[Брэила]], [[Галац]] (Румыния), Из маильИзмаил ([[Украина]]) жана башка шаарлар жайгашкан. Дунай – эл аралык дарыя. 1948-жылкы конвенцияда Дунайда кеме каттоо эркиндиги аныкталган; Дунай дарыясына чектешпеген өлкөлөрдүн аскер кемелеринин Дунай аркылуу өтүүсүнө тыюу салынган. Конвенция режимин сактоо боюнча (жээгиндеги өлкөлөрдүн) Дунай комиссиясы түзүлгөн.
 
==Колдонулган адабияттар==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Дунай" булагынан алынды