Бронх астмасы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
 
1-сап:
[[Файл:Astma-medication.png|300px|right|thumb|Бронх астмасын дарылачу дары-дармектер.]]
'''Бронх астмасы''' (байыр.-грек. ἆσθμα — «оор [[дем алуу]], энтигүү») — бронхтордун кысылуусунан, былжыр челинин шишүүсүнөн жана какырык менен бүтөлүп калышынан мезгили менен капысынан дем кыстыктырып кармоочу аллергиялык оору.
== Бронх асманынастманын пайда болушу ==
Аны менен кээ бир химиялык жана физикалык факторлорду — аллергенди сезгич кишилер ооруйт. Бронх астмасы инфекциялуу аллергиялык жана инфекциясыз аллергиялык болуп бөлүнөт. Инфекциялуу аллергиялык түрүн бактериялар, вирустар жана башка микробдор пайда кылат. Ал көп учурда дем алуу органдарынын же мурундун кошумча кобулдарынын өнөкөт ооруларынын негизинде болот.
Бул ооруларды козгоочу микроорганизмдердин тиричилик аракетинен, алардын ажырашынан, ошондой эле сезгенүү процессинен пайда болгон заттар аллерген болушат. Инфекциясыз бронх астмасын ар кандай аллергендик заттар пайда кылат. Алсак, тамак-аш аллергендери (балык, жумуртка, шоколад, бал, сүт жана башка), чаң аллергендери (ар кандай чөптөрдүн гүл чаңчалары), үй буюм аллергендери (үйдөгү буюмдардын чаңдары, малдын, куштун жүнү), турмуш-тиричилик, химия жана дары-дармек аллергендери (антибиотиктер, кан, плазма, вакциналар) жана башка бронх астмасынын пайда болушуна климат факторлору да таасир берет; оору жаз жана күз мезгилинде, шамал болгондо, аба температурасы кескин өзгөргөндө күчөйт.
 
== Негизги белгилери ==
Бронх астмасынын негизги белгиси дем кыстыгуу. Туталак бир нече минутадан бир нече саатка, ал тургай бир нече суткага чейин созулат. Туталактын жеңил түрү көпчүлүк учурда чуркаганда, же катуу корккондо дем алуу бир аз кыйындап, энтигип, жөтөлүп, эң жөнөкөй дарылоонун натыйжасында бат эле басылып калышы мүмкүн.