Аверроэс: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Жазуу катасы түзөтүлдү
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик колдонмодон түзөтүү Android app edit
Жазуу катасы түзөтүлдү
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик колдонмодон түзөтүү Android app edit
1-сап:
[[Файл:AverroesColor.jpg|thumb]]
[[File:Colliget Auerrois totam medicinam V00026 00000002.tif|thumb|''Colliget'']]
'''Ибн Рушд''' (Аверроэс)(1126—1198) — [[Араб тили|араб тилдүү]] [[Аристотелизм|аристотелизмдин]] өнүгүшүн аяктоочу араб [[Философия|философу]]. Ал [[Араб мамлекети|араб мамлекетинин]] четки Батышында — азыркы [[Испания]] менен [[Түндүк Африка|Түндүк Африканын]] аймагында өнүгүүгө ээ болгон философиянын өкүлү. Аверроэс Кордоводо төрөлүп, өзүнөн кийин өтө көп адабий мурас, барынан мурда философиялык [[мурас]] калтырган. Ал энциклопедиялык [[Билим|билимдүү]] адам болгон. Ал негизинен өзү өтө жогору баалаган [[Аристотель|Аристотелдин]] чыгармаларына берген кооментарийлери менен атагы чыккан. Бул үчүн ал «комментатор» деген атка конгон. Ал жөнүндө: «Аристотель жаратылышты түшүндүрдү, ал эми Аверроэс — Аристотелди түшүндүрдү» деп айтышкан. Комментарийлерден башка да Аверроэс каралып жаткан маселелер боюнча оз көз караштарын да берген. Аверроэс коп чыгармаларды жазган, алардын ичинен көбүрөөк белгилүүсү — «Төгүндөөнү төгүндөө». Бул эмгек аль-Газалинин «Философторду төгүндөөсүнө» жоонжооп болгон. Мында Аверроэс философия менен [[Дин|диндин]] өз ара катышын карап чыгат.
 
Ал философия менен дин өзүлөрүнүн ой жүгүртүүлөрүнүн багыты боюнча ото окшош экендигин көрсөтөт. «[[Философия]] — диндин жолдошу жана эмчектеш карындашы... Алар жаратылышы боюнча жолдоштор, маңызы жана тубаса жакындыгы (шыгы) боюнча достор» (Цитата төмөнкү эмгектен келтирилди: Сагадеев А.В. Ибн Рушд. М., 1973. 198-6.). Философиянын да, диндин да изилдөөсүнүн предмети [[Кудай]], бирок ал жөнүндө алар таптакыр эки башка усул менен ой жүгүртүшөт. Эгерде дин Кудан жөнүндө Курандагы образдуулукту пайдаланып, корком сөздөр менен ой жүгүртсө, философия далилдөө жолун, б.а. көбүрөөк адекваттуу жолду пайдаланат. Бирок, бул дин менен философиянын ортосунда карама-каршылык бар дегендикти билдирбейт. Жон гана дин Куранда берилген сөзмө сөз маанини таанып-билет, ал эми философия болсо Курандын текстинин ички маңызын таанып-билет. Философия акыйкатка ыйык тексттерди аллегориялык түрдө талкуулоо жолу менен жетишет. Аверроэске рационализм мүнөздүү болсо да ал Абелярга окшоп бардык диний догматтарды философиялык жактан негиздөөгө умтулбастан, дүйнөгө жана адамга тиешеси бар жалпы жоболорду гана философиялык негиздөөгө умтулган. Аверроэс ошондой эле бүткүл орто кылым мезгили үчүн борбордук маселе болгон бытье маселесин: дүйнө түбөлүк жашап келгенби же аны Кудай жаратканбы деген маселени да карап чыгат.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Аверроэс" булагынан алынды