'''Кабылан''', леопард ({{lang-la|Felis pardus}}, ''Panthera pardus'' [[L.]] 1758) – [[мышыктар]] тукумундагы сүт эмүүчү. Дене узундугу 160170 смге, куйругу 102103 смге, эркегинин салмагы 75110 кгга жетет, ургаачысы кичирээк. Денеси булчуңдуу, буттары кыска, жүнү жыш, сары же сары кызыл түстө, кара тактары бар. Африкада, Кавказда, Түштүк Азияда, Түркмөнстандын тоолорунда, Тажикстандын түштүгүндө, Уссури крайында жолугат. Чытырман токойлордо жана түздүктө, суу жээктеринде, калың өсүмдүктөрдүн арасында жашайт. Бугу, тоо эчки ж. б. туяктуулар менен азыктанат. Айрым учурда үй жаныбарларына (кой, жылкы, ит), ошондой эле куштарга да кол салат. ТКЭСтин Кызыл китебине катталган.