Освенцим (шаар): нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
No edit summary
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
1-сап:
'''Освенцим''' – Польшанын түштүгүндөгү тарыхый шаар. Малопольск воеводдугунун курамына кирет. Сола дарыясынын Вислага куйган жерине жакын жайгашкан. Калкы 40,0 миң (2010). Алгач 1117-жылдан эскерилет. 1291-жылдан шаар. Химия, тамак-аш, булгаары, машина куруу өнөр жай ишканалары иштейт. Университет, калк китепканасы, мамлекеттик музей, Шимон Клугердин үйү (учурда еврейлер музейи), Ыйык саат мунарасы, чиркөөлөр, ратуша ж. б. бар. Туризм өнүккөн (жылына 1 млн келет). Освенцимдеги лагерь Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. Улуу Ата Мекендик согушта фашист немистер колго түшкөн туткундарды өтө мыкаачылык менен ушул Освенцимдеги (немисче Аушвиц) концентрация лагеринде (аянты 4,7 миң га; анын 40 лагери болгон) өлтүрүп турушкан. Бул жерде 41 млндон ашык адам жок кылынган. 1945-ж. 27-январда Советтик Армия тарабынан бошотулган. Концлагердин ордуна музей уюштурулган.
[[Категория:Шаарлар]]3
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7