'''Өзгөн''' (''байыркы кыргызча:'' '''𐰇𐰔𐰏𐰇𐰤''') — ''([[Узартылган кыргыз алиппеси|лат. кыр.]] Özgön)'' [[Кыргызстан|Кыргызстандагы]] байыркы шаарлардын бири. Б. з. ч. 2–1-к-да алгачкы отурукташкан жайлардан шаар өсүп чыккан. Өзгөн шаары тууралуу алгачкы маалыматтар 9–10-к. араб, фарсы тилдеринде жазылган даректерден белгилүү. Бул мезгилде ал чоңдугу боюнча [[Фергана өрөөнү|Фергана өрөөнүндөгү]] төртүнчү (Аксыкен, Куба, Оштон кийинки) калаа болгон. 10-к-дын 30-жылдарында Ө-дө кол өнөрчүлүк, соода өнүккөн; алгачкы тыйын акчалар чыгарылган. 11-к-дын 2-жарымынан 13-к-га чейин [[Караханийлер мамлекети|Караханийлер мамлекетиндеги]] Фергана дубанынын борбору болгон.
10–12-к. шаардын аянты 12–15 км<sup>2</sup>ге жеткен. Моңгол жапырыгына чейин Өзгөндөн көптөгөн