Көк жору: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
7-сап:
Тянңшанң тоо системасынын бийик тоолуу аймактарында кездешет, көбүнчө тилке кеткен релңефтерде жашоосуна мүнөздүү; анда-санда жапайы ача туяктуулар жашаган (жайылган) түзөңдөрдө, ошондой эле мал чарбасынын жайыттарында да кездешет.
==Саны==
Көк жору адатта бийик тоолордо отуруктуу куштардын бири, ошондуктан анын санына атайлап эсеп жүргүзүлгөн эмес. Анын саны республиканын түштүк тарабында көбүрөөк. Эгерде түндүк тарапта маршруттук эсепте (1км2 да 0,01-0,4 особң) 1-2 куш байкалса, ал эми түштүктө 3-5 особдон кем эмес. Ноокат районундагы Мазарсай жайытында 27-28-сентябрда 12ге чейин көк жору байкалган, анын ичинен 5өө чоңдору болгон. 1992-жылы август-октябрң айларынын ичинде республика боюнча байкоо жүргүзүлгөн маалда 34 көк жору катталган, анын ичинен 21 чоңдору, 12 особдордон – 1-3 жаш жана бирөө ошол жылдагы балапаны болуп чыккан
==Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)==Отуруктуу түр. Биринчи уясын кышында эле салат. Басышы 2 айга чейин созулат . Уясында 1-2 жумуртка, бирок учууга чейин анын бирөө гана аман калат. Балапандары август-сентябрң айларында басылып чыгышат. Кыргызстанда көк жорунун популяциясынын жаштык структурасы боюнча жүргүзүлгөн байкоолорго караганда, чоңдору (жетилгендери) жыл сайын эле көбөйүүгө катышпагандыгы белгилүү болду.▼
==Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)==
▲
==Чектөөчү факторлор==
Жапайы туяктуулардын санынын кыскарылышынын эсебинен тоют базасынын азайышы. Ошону менен бирге, малдын санынын көбөйүшү анын санына жагымдуу таасирин тийгизбей койбойт, себеби өлгөн мал утилизацияланбай калат . Кээде адамдар тарабынан түздөн-түз жок кылынышы.
|