Жалал-Абад курорту: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Жазуу эрежелери түзөтүлдү
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик колдонмодон түзөтүү Android app edit
Жазуу эрежелери түзөтүлдү
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик колдонмодон түзөтүү Android app edit
 
1-сап:
[[Файл:Жалал-Абад курорту.png|thumb|Жалала-Абад курорту.]]
 
'''Жалал-Абад Курорту''' - [[Бальнеология|бальнеологиялык]] ,дары баткактуу жана климаттык [[курорт]]. [[Жалал-Абад шаары|Жалал-Абад шаарынан]] 5 км. Чыгыш тарапта. Көгарт өрөөнүндөгү Айыптоонун батыш капталындагы деңиз деңгээлинен 975 м. бийиктикте жайгашкан. Бишкек шаарынан 565 км. аралыкта (аба, темир жел жана автомобиль жолдору аркылуу катташат). Курорт аймагына арча, мисте, кара жыгач, туя, ак акация жана башка дарактар отургузулган. Климаты континенттик. Кышы жумшак, кар жылына 80 күндөн ашык жатат; январдын орт. температурасы – 20 Cге жакын. Жаз эрте келет; жылуу, кар марттын 2 – жарымында кетет. Жайы ысык, кургакчыл, июлдун орт. температурасы – 27 градус С. Жылдык жаан – чачыны 500 ммдей; негизинен күз-кыш мезгилдеринде жаайт. Жылдык орточо салыштырмалуу нымдуулугу 52%тей. Күн тийүү узактыгы жылына 2787 саат. Гелиотерапия үчүн метеорологиялык шарттар ыңгайлуу. Дарылоодо негизинен минералдуу суулар жана баткак пайдаланылат.
 
Жалал-Абадтын дарылык касиети бир минералдык булактары жергиликтүү элге 10-кылымдан бери эле белгилүү. Суунун хим. Анализи алгачкы жолу 1877-ж. алынган. Ошол эле мезгилде округдун аскердик мед. инспекторунун талабы менен ванна жана лазарет салынган. Курорт 1900-ж. курула баштаган. 1912-ж. жергиликтүү бай Мурзакул тарабынан Айыпбулакка имарат салынган. 1918-ж. Советтик эл комиссариатынын курамына өтүп, элдик курорт статусу берилген. 1926 – 35-ж. 150 орундуу чакан үйлөр, курорттун №1 корпусу курулган. Согуш мезгилинде курорттун корпустары аскердик госпиталь катары пайдаланылган. Курорттун дарылоочу негизги жайлары 1954-68-ж. курулган. 1972 – ж. Жалал-Абад курорту. Буткул союздук курорт деген статуска ээ болот. 1984 – ж. дарылоо корпусунун жаңы имараты, ири мейманкана комплекси курулган. Курорт аймагында 75- 130м. Тереңдиктен бургуланып чыгарылган минералдуу суулары жана дары баткагы пайдаланылат.