Орозов Карамолдо: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Кайра 338812 жокко Үрүйэ (сюзюу)
Белги: Жокко чыгаруу
No edit summary
Белгилер: Reverted мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
1-сап:
'''Карамолдо Орозов''' — 1883 жылы Ысык-Көлдүн күңгөйүндөгү Корумду деген кыштакта туулган. Интернеттеги маалымат булактары боюнча Карамолдо Орозовдун туулган күнү 17 ноябрь.
 
Карамолдонун өзунун ата-энесинин койгон аты Токтомамбет болгон. Атасы ошол кездеги өтө түшүнктүү прогрессчил адам болгондуктан, Токтомамбетти айылдык медресеге киргизип окутат, анда бала беш жылдай билим алып арабча жазганды үйрөнөт. Кат тааныгандыктан, арабча окуп, жаза билгендиктен ага айылдаштары Карамолдо деп жасалма ат коюпкоюпп алышкан. Өмүрүнүн акырына чейин ушул ат менен таанымал болгон.<br>
 
Комузду черткенди атасы Ороздон үйрөнгөн. Карамолдонун кесипкөй комузчу болуп өнүгүшүнө ошол кезде Ысык-Көлдө, Нарында аты чыгып жүргөн Чынгышбай, Бурулча, Байгабыл, Абак, Боккөтөн, Майлыбай, Кудайберген деген музыканттар менен жолугушуп, алардын комузчулук өнөрүнөн таалим алышы өбөлгө болгон. Карамолдо Орозов Октябрь революциясына чейинки турмушунда мыкты комузчулардын мелдешүүсүнө эки жолу катышкандыгы тууралуу маалымат бар. Анын биринчиси Байгабыл деген комузчу менен, экинчиси Муратаалы Күрөңкөев менен беттешүүдө өткөн. Карамолдонун жеңиши менен бүткөн бул эки музыкалык ат салышуу жаш комузчунун чыгармачылык өсүшү үчүн эң маанилүү жана чечүүчү ролду ойногон. Анысынан да жеңиштен кийин ага Муратаалы залкардын берген жолдомо сөзү менен бирге батасы чоң таалим, таасир эткен.<br>