Сингармонизм: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Fixed term
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
Redirected page to Үндөштүк
Белги: Жаңы багыттама
 
1-сап:
#REDIRECT [[Үндөштүк]]
'''Сингармонизм''' ([[грек тили|грекче]] sin — бирге жана harmonia — үндөштүк, уйкаштык) — бир сөздүн тутумундагы үндүү жана үнсүз тыбыштардын фонетикалык жактан окшош айтылышы жана угулушу. С-ге ылайык бир сөздөгү бардык үндүү тыбыштар ичке же жоон үндүүдөн турат. Ушуга жараша ал сөздүн тутумундагы үнсүздөр да же бүт түпчүл эринчил, же бүт таңдайчыл болуп ыңгайлаша айтылат. С. айрыкча эрин күүсү кыргыз тилинде (алтай тилин гана эске албаганда) башка түрк тилдеринин ичинен абдан айкын сакталган, башкача айтканда сөздүн биринчи муунунда эринчил үндүү болсо, ага карап кийинки муундардагы үнсүздөр да эринчил мүнөз алат да бүт бойдон эринчил аллофондо айтылат.
 
С. кыргыз элдик оозеки чыгармачылыгынын поэтикасында, айрыкча, уйкаштын ар кандай түрлөрүндө ([[аллитерация|аллитерация,]] [[ассонанс|ассонанс,]] [[үндөштүк]] кайталоолор жана башкалар) ыр сабынын уккулуктуу болуп куюлуша курулушунда чоң роль ойнойт. Элдик оозеки чыгармачылыктын үлгүлөрүндө, лирикада, эпикалык чыгармаларда, атүгүл прозалык жанрдын речитациялык жорго сөздөрүнө кеңири колдонулат. С. поэзияда бир гана сөз ичинде эле эмес жалпы ыр сабына, ыр түрмөгүнө чейин жайылып кеткен учурлары көп. "Калмактан коркуп калтырап, [[Кытай|Кытайдан]] коркуп кылтылдап" ([[Сагымбай Орозбак уулу (Орозбаков)|Сагымбай Орозбаков]], 1. 169), "Жаң-жуңуна жарылдап, Калдайына каңкуулап, Доотайына добурап" ([[Сагымбай Орозбак уулу (Орозбаков)|Сагымбай Орозбаков]], 1. 149) Камбар, Камбар, Камбар кан, Камбар кандан [[Айдар]] кан, Айдар кандын баласы ([[Валиханов Чокан|Валиханов]] жазып алган эпизод, "[[Ала-Тоо|Ала-Тоо",]] 1979, № 7, 77-б.).
 
==Колдонулган адабияттар==
*[["Манас" энциклопедиясы]]/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4
[[Категория:Манас эпосу]]