Газ: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
No edit summary
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
1-сап:
[[Файл:Diffusion animation.gif|thumb|Газ.]]
'''Газдар''' – зат бөлүкчөлөрү өз ара аракеттенүү күчтөрукүчтөрү менен байланышпаган же өтө начар байланышкан жана эркин кыймылдап, берилген көлөмдү толук ээлеген агрегаттык абалы. Табиятта газ абалындагы заттар кеңири таралган Г. жер шарын курчап турган атм-ны түзөт, океандар, деңиздер ж. б. сууларда ка-ныккан эритме катарында учурайт. Атм. негизинен O<sub>2</sub>, N<sub>2</sub>, Не, СO<sub>2</sub> турат. Калган Г. аз санда кездешет. Жаратылыш газы биохим. [[Жанар тоо|жанар тоолук]] (вулкандык), метаморфтук, аба жана хим. радиоактивдүү, термоядролук болуп бөлүнөт. Биохим. Г. микроорганизмден орг. бактериянын ажыроосунан сульфаттар жана мине-ралдык туздун калыбына келишинен пайда болот (С<sub>2</sub>Н<sub>4</sub>, Н<sub>2</sub>, Н<sub>2</sub>S, СО<sub>2</sub>, N<sub>2</sub>).
 
Жанар тоо Г. жердин терең катмарынан бөлүнөт: Н<sub>2</sub>, O<sub>2</sub>, N<sub>2</sub>. СО, СО<sub>2</sub>, Н<sub>2</sub>S, SО<sub>2</sub>, СН<sub>4</sub>, Сl<sub>2</sub>, НСl. Метаморфтук Г. — казып алынуучу ''көмүртек жана ''тоо кендеринде пайда болот (басым, жылуулуктун таасири менен): СН<sub>4</sub>, СО<sub>2</sub>, Н<sub>2</sub>, Н<sub>2</sub>S, СО терең катмарына чейин таралган. Аба газы — жер атм-сында жана терең катмарына таралган: О<sub>2</sub>, N<sub>2</sub> жана ''инерттүү газдар (а-гон, криптон жана ксенон). ''Хим. Г. (угле-водород, азот, көмүртек оксиди) хим. реакциянын негизинде пайда болот (t°, Р — таасири асгында жердин ар кан-дай тереңдигинде): Н<sub>2</sub>, СО<sub>2</sub>, СО, Н<sub>2</sub>S, N<sub>2</sub>, СН<sub>4</sub> ж. б. Радиоактивдүү жана термояд-ролук реакциянын негизинде пайда бол-гон Г. — Не, Аr, Хе ж. б. Нефть менен кошо чыккан Г. —СН<sub>4</sub>, С<sub>2</sub>Н<sub>6</sub>, С<sub>3</sub>, H<sub>8</sub>, С<sub>4</sub>Н<sub>10</sub>, H<sub>2</sub>, N<sub>2</sub>, СО<sub>2</sub>, Не, Аr, оор углеводороддор. Күйүүчү жаратылыш Г. негизикен чектүү углеводороддон турат. Алардын курамында ароматтык углеводороддор, Н<sub>2</sub>S СО<sub>2</sub>, Не, Аг аз санда кездешет. Г. көлөмү басым жана темп-рага көз ка-ранды. Басым м-и темп-ранын маанисин белгилүү бир чоңдукка өзгөртүү менен ар кандай заттар газ абалына келтирүүгө болот. Тескерисинче, газды белгилүү t°, Р, башка агрегаттык абалга—суюктукка же катуу затка айландырууга мүмкүн. Эгерде газ бирикмелерин өз ара аракеттенүү күчү дээрлик жок болсо, анда ал идеалдуу Г. деп аталат.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Газ" булагынан алынды