Электрондук почта: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with 'Электрондук почта-интернет колдонуучулар арасында жекеме-жеке маалыматтарды алмашуу же кат бер...'
 
No edit summary
1-сап:
'''Электрондук почта'''- интернет колдонуучулар арасында жекеме-жеке маалыматтарды алмашуу же кат беришүүнү камсыз кылган каражат.
 
Бирок, кадимки почтадан айырмаланып электрондук почта бир канча эсе ылдам жана андагы каттардын көлөмүндө чек жок. Болгону кат жөнөтүлө турган адамдын дарегин билүү жетиштүү.
Электрондук почта алгач болуп 1971-жылы “Болт Беранек энд Ньюман” компаниясынын кызматкери Рей Томлисон тарабынан ойлонуп табылган. Бир жылдан соң электрондук маймылча түшүнүгү пайда болгон. Маймылча бир нерсенин үстүндө деген түшүнүктү берип, андан соң электрондук почтанын бөлүнбөс бөлүгүнө айлаган.
 
Электрондук почта аталган кызматты сунган сайт же тармак маанисине келген серверлердин маалымат алмашуусу аркылуу иштейт. Ар бир серверде, жиберүүчү жана алуучу бөлүмү болот. Каттарды алгач болуп дайыма кабыл алуучу сервер алат. Андан соң келген кат колдонучунун кутусуна түшөт.
 
Учурда электрондук почта аркылуу жарнамалар таасирдүүлүгүн көрсөтүп келет. Жарнамалык маанайдагы алгачкы электрондук кат 1994-жылы жөнөтүлгөн. Убакыт өткөндөн кийин электрондук почтага жөнөтүлгөн мындай каттар СПАМ деген атка конуп, жарнама каттарына чектөөлөр коюла баштаган. Ал тугул 1998-жылы Кытайда Лин Хай жана Уонг Юкай аттуу физик-программисттер бийликке каршы болгон жарыяларды электрондук почта аркылуу жөнөттү деген айып менен эркинен ажыратылган.
 
Учурда электрондук почталар интернет менен кошо өнүгүүгө дуушар болуп, акча төлөнүүчү электрондук почталар дагы пайда болууда. Акылуу почталар акысыз почталардын көрсөткөн кызматынан сапаттуулугу менен айырмаланат. Каттарды бат жеткирет, керексиз каттардан почта кутусун сактайт жана интернет аркылуу соода учурунда ишенимдүүлүктү арттырат.
 
Line 10 ⟶ 13:
 
'''Кыргызстанда'''
 
Кыргызстанда электрондук почта кызматы 1994-жылдан баштап ачыла баштаган. Бул кызматты алгачкылардан болуп Элкат компаниясы озунун колдонуучулары учун тартуулаган..
Учурда Кыргызстанда электрондук почта озгочо жаштар арасында кенири жайылган. Жаштардын электрондук почта колдонуудагы максаты эмне? Бул суроо менен замандаштарга кайрылдык.