Кеттер: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
No edit summary
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
 
1-сап:
'''Кеттер''', кето, остяктар (өздөрүн кет деп аташат, сөзмө-сөз мааниси адам; мурдагы аты – енисейлик остяктар, енисейликтер) – Россия Федерациясында жашаган эл. Енисейдин төмөнкү жана ортоңку агымындагы аймакта (Краснояр крайында, Турухан жана Байкит райондорунда) майда топторго бөлүнүп жашашат. Саны 1500 киши (2002). [[Кет тили|Кет тилинде]], ошондой эле орус тилинде сүйлөшөт. Кеттер – Енисей тайгасындагы байыркы уруулардын укум-тукумдары. Алар бир жерден экинчи жерге көчүп жүрүп, Түндүк Енисейге отурукташып калган. 17-кылымда Россиянын курамына кирген. Кеттер балык кармап, аң уулап, мөмө жыйнашкан, бугу унаа катары колдонулган. Эркектер жыгачтан, сөөктөн, мүйүздөн ар кандай буюмдарды жасап, устачылык кылышкан. Аялдар сайма сайып, тери иштетип, кийим жана үй-тиричилигине керектүү буюмдарды жасашкан. Кеттер каркасы шыргыйдан тургузулуп, үстү кайың кабыгы жана жабылган, конус типтүү алачыкта жана жер төлөдө жашап, бугу жана коён терисинен тигилген кийим кийишкен. Тамак-ашы – негизинен эт, балык азыктары. Кышкысын балык майы жана ышталган эт, жайкысын жер-жемишти кеңири пайдаланышкан. Тамакты отко, нанды оттун коруна бышырган. Учурда Кеттер териси баалуу айбанаттарга аңчылык кылып, бакчачылык, балык уулоочулук жана кесиптенишет; интеллигенция түзүлгөн. 1995-ж. Туруханда Кеттердин этностук маданий борбору, 2004-жылдан Красноярскиде «Кеттер ассоциациясы» уюшулган.
[[Категория:Дүйнө элдери]]
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Кеттер" булагынан алынды