Көпчүлүгү бөлүгүн хауса (55,4%) түзөт, ошондой эле дьерма, сонгои[[сонгай (эл)|сонгай), фульбе, таурегилер, арабдар, француздар да бар. Расмий тили – француз тили. Калкынын 80%и мусулмандар (сүннөттөр), калгандары салт болуп калган жергиликтүү динди тутат. Христиан динин туткандар да кездешет. Орточо жыштыгы 1 км2ге 11 киши (2008). Төрөлүүнүн деңгээли жогору (1000 кишиге 54,8), өлүм-житим төмөн (1000ге 20,8). Калкынын жашынын орточо узактыгы эркектериники – 52 жаш, аялдарыныкы – 54. Шаар калкы 16% (2008). Ири шаарлары: [[Ниамей]], Зиндер, Маради жана башка.