Борбордук Африка Республикасы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
No edit summary
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
33-сап:
|Штрих коду =
}}
'''Борбордук африка республикасы''' ('''БАР''', [[француз тили|фр.]]''Republique Centrafricaine'') ― Борбордук Африкадагы [[мамлекет]]. Батышынан жана түштүк-батышынан [[Камерун]], түштүгүнөн [[Конго Демократиялык Республикасы]] жана [[Конго Республикасы]], түндүк-батышынан [[Чад|Чад Республикасы]], түндүк-чыгышынан [[Судан]] менен чектешет.
 
Аянты 623 миң км<sup>2</sup>.
44-сап:
 
Акча бирдиги Батыш Африка валюта биримдигини франкы.
 
==География==
Аймагынын көбүн Азанде дөңсөөсү ээлейт, бийиктиги 600-900 м (эң бийик жери Нгая чокусу, 1388 м), ал аралча тоолордон жана кенен өрөөндөрдөн турат. Четки түндүгүн (Чад ойдуңунун түштүк чети тегиз, айрым жери саздуу) түздүк ээлейт. Климаты субэкватордук, жайы нымдуу ысык. Айлык Банги шаарынын, арткы планда Ибанги дарыясынын жээгиндеги дөңсөөлөр. Орточо температурасы 21°Сден 31°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны түндүгүндө 1000-1200 мм, түштүгүндө 1600 мм. Башкы дарыялары Убанги, Санга (кеме жүрөт). Шари дарыясынын системасына кирген көп дарыялар Чад көлүнө куят. Бийик чөптүү саванна, сейрек токой, четки түштүгүндө нымдуу экватордук жыш токой басымдуу. Өлкөнүн аймагынын 12% ин токой жана бадал ээлейт. Жери кызыл топурактуу. Улуттук парктары: Сен-Флорис, Баминги-Бангоран, Андре-Феликс. Калкынын негизин банда (29%), гбайя (25%), нгбанди (11%), занде (10%) түзөт, ошондой эле башка улут өкүлдөрү да жашайт. Салт болуп калган динди (57%), христиан (35%), ислам (8%) диндерин тутат. Калкынын жашынын орточо узактыгы: эркектериники 47, аялдарыныкы 52 жаш. Шаар калкы 47%.