Конго Демократиялык Республикасы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
24-сап:
 
==Калкы==
Конгонун калкынын көбү (85%и) бантулар (луба, конго, нгала, [[монго (эл)|монго), теке, яка ж. б.); түндүгүндө жана чыгышта убанги (7%), түндүк-чыгышында нилсахара (10,1%и) тилдеринде сүйлөгөн элдер жашайт. Калктын табигый өсүүсү 3,1%. Төрөлүү (1000 адамга 43 бала) өлүм-житимден (11,9%) үч эсе ашык. Өлкөдө жаш курактагылар басымдуулук кылат; орточо курагы 16,3 жыл. Курактык курамында өспүрүмдөрдүн (15 жашка чейинкилердин) үлүшү 47,1%, эмгекке жарамдуу курактагылар (15–64 жаштагылар) 50,4%, 65тен ашкандар 2,5% (2008). Калктын өмүрүнүн күтүлгөн орточо узактыгы 54 жыл (эркектердики 52,2, аялдардыкы 55,8 жыл (2008).
 
Калк өлкөнүн батыш чет-жакасында (орточо жыштыгы борбордук провинцияга 1 км<sup>2</sup> жерге 960тан ашык, төмөнкү Конго провинциясында 78,4 адам) жана чыгышында (Түндүк Киву провинциясында 97,4, Түштүк Кивуда 67,3 адам); калк эң сейрек отурукташкан аймак – Катанга провинциясынын түштүк-чыгышы 1км<sup>2 </sup>жерге 9,8 адам. Шаар калкы 32%тей. Ири шаарлары (2008): Киншаса (9167 миң), Лубумбаши (1628 миң), Мбужи-Майн (1474 миң), Колвези (932,3 миң), Кисангани (592,2 миң), Бома (508,3 миң), Кананга (507,8 миң), Ликаси (496,6 миң). Экономикалык активдүү калкы 15 млн адам (2006); иштегендердин 65%и айыл чарбасында, 19%и тейлөө чөйрөсүндө, 16%и өнөр жайында эмгектенет. Калкынын 40–55%и католиктер, 20–42%и протестанттар (лютерандар, англикандар ж. б.), 10%тейи африкахристиансинкреттик динди тутат, 10%и мусулмандар.