Молдова: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик колдонмодон түзөтүү iOS app edit
No edit summary
1-сап:
{{Адаштырба|Молдавия}}
'''Молдова''' ({{lang2|mo|ro|Moldova}}), '''Молдавия'')', Молдаванрасмий түрдө ― '''Молдова Республикасы'''<ref>[http://www.president.md/rus/titlul1 Молдова Республикасынын конституциясы]</ref> ({{lang2|mo|ro|Republica Moldova}}) Европанын түштүк-чыгышындагы мамлекет. Түндүк-чыгышынан жана түштүгүнөн [[Украйна|Украина]], батышынан [[Румыния]] менен чектешет. Молдованын жарыяланган аянтында таанылбаган [[Приднестров Молдова Республикасы|Транснистрия]] мамлекети жайгашкан.
{{Мамлекет
|Негизделген=
|Макамы =
|Кыргызча аталышы= МолдованМолдова Республикасы
|Расмий аталышы = [[Румын тили|мол]]. ''Moldova''
|Мамлекеттик дини =[[Динден тышкары мамлекет]]
13-сап:
|Урааны=
|Башкаруу формасы =[[Парламенттик республика]]
|Карта=Location Moldova Europe.png
|lat_dir =N |lat_deg =46 |lat_min =49 |lat_sec =0
|lon_dir =E |lon_deg =104 |lon_min =0 |lon_sec = 0
Line 44 ⟶ 43:
|Убакыт аралыгы = +2, +3
|Штрих коду =
|КартаКартада=Location Moldova Europe.png }}
}}
[[Файл:Location Moldova Europe.png|thumb|Молдова.]]
Аянты 33,8 миң км<sup>2</sup>. Калкы 3,56 млн киши (2010: 518,7 миң киши түзгөн Днестрдин сол жээгин жана Бендеры муниципийин кошпогондо). Борбору – [[Кишинёв]]. Административдик-аймактык жактан 32 районго, 5 муниципийге жана 2 автономия аймагына ([[Гагаузия]], Днестрдин сол жээги) бөлүнөт. Акча бирдиги – молдаван лейи.
 
Line 51 ⟶ 49:
 
==Мамлекеттик түзүлүшү==
МолдавияМолдова – парламенттик республика. МолдавияМолдова – Конституциясыконституциясы 1994-жылы кабыл алынган. Мамлекет башчысы – президент. Аткаруу бийлигин президент жана премьер-министр жетектеген Министрлер кабинети ишке ашырат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – бир палаталуу парламент (Жогорку кеңеш). Өлкөдөгү башкаруучу саясий партиялары – «Молдова патриоттору» партиясы, Агрардык демократиялык партиясы, Социал-демократиялык партиясы, Демокр. партиясы ж. б.
 
==Табияты==
МолдавиянынМолдованын аймагынын көпчүлүк бөлүгү дөбөлүү түздүк. Чыгыш-Европа түздүгүнүн түштүк-батыш четинде жайгашып, Днестр менен Прут дарыя аралыктарынын көпчүлүк бөлүгүн ээлейт. Борбордук бөлүгүндө Кодры дөңсөөсү (эң бийик жери Баланешты чокусу, бийиктиги 429 м), түндүгүндө Түндүк Молдаван (250–300 ''м''), түштүгүндө Түштүк Молдаван өрөөндөрү бар. Эң бийик чокусу (429 ''м''). Молдавиянын аймагынын уз. түндүктөн түштүктү көздөй 350 ''км'', батыштан чыгышты көздөй 150 ''км''. Кендерден акиташ, гипс, чопо, айнек куму, гравий, аз санда нефть жана газ кездешет. Климаты мелүүн континенттик. Июлдун орт. температурасы 19–22°С, январдыкы –5...–3°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны 400 ''мм''ден (түштүгүндө) 560 ''мм''ге чейин (түндүгүндө). Ири дарыялары: Днестр, Прут. Көлдөрү: Белеу, Драчеле, Ротунда ж. б. Кыртышы негизинен кара топурактуу (75%); күрөң жана боз топурак да учурайт. Молдавия талаа жана токойлуу талаа зонасында жайгашкан. Аймагынын көбү айдоого жарактуу. Токой өлкөнүн аймагынын 35%тин ээлейт. Негизинен жазы жалбырактуу. Кодры коругу уюштурулган.
 
==Калкы==
Line 60 ⟶ 58:
 
==Тарыхы==
МолдавияныМолдованы адам палеолит доорунда эле мекендеген. Биздин заманга чейинки 4–3-кылымда Молдавия аймагына фракий (геттер, дактар ж. б.) уруулары жайгашкан. Биздин заманга чейинки 2–1-кылымда алгачкы уруу союздары пайда болгон. Биздин заманга чейинки 1-кылымда Рим экспансиясы күчөп, биздин замандын 57-жылы Тирди ээлешкен. 2-кылымда римдиктер гетдактардын жеринин бир бөлүгүн басып алып, Дакия провинциясын түзгөн. Колониячылар гетдактарды романдаштыруу саясатын жүргүзгөн. Бирок, Днестр-Прут эки суу аралыгы (Молдавиянын азыркы аймагы) Дакия провинциясынын курамына кирген эмес. Элдердин улуу көчүү доорунда бул жерге варвар уруулары отурукташкан. Биздин замандын 6–7-кылымында Молдавияга славяндар ооп келип, феодалдык мамилелерди өнүктүрүүгө катышкан. Молдавия 13–14-кылымдын 1-жарымында Алтын Ордого, 1359-жылы Молдова княздыгына, 16-кылымда Осмон империясына караган. 1711-жылы орус-түрк согуштарынын мезгилинде Молдавия Россия империясына баш ийип, Күчүк-Кайнаржы тынчтыгынын (1774) негизинде Россиянын протекторатына айланган. 1812-жылы түзүлгөн Бухарест тынчтыгынын шарттарына ылайык Прут жана Днестрдин ортосундагы аймак Бессарабия обл. (1873-жылдан губерния) деген аталыш менен Түркиядан Россияга өткөн. Париж тынчтык келишими (1856) боюнча Молдавияга Түштүк Бессарабия кошулуп, Париж конвенциясына (1858, 7-август) ылайык Молдавия Валахия менен биригип, Румыния княздыгы түзүлгөн. 1918-жылы январда көз карандысыз Молдавия Демократиялык Республикасы жарыяланып, апрелде Румыния менен бир союзга бириккен. Бессарабия Румыниянын бийлиги астында калган (1918). Бул союз Париж тынчтык келишиминде (1920-жылы 28-октябрда Румыния, Улуу Британия, Франция, Италия жана Япония тарабынан кол коюлган) таанылган. Бирок, бул чечимге СССР каршы чыгып, СССРдин курамындагы Молдавия АССРин (өлкөнүн сол жээги) түзгөн (1924). 1939-жылы августта кол коюлган Молотов-Риббентроп пактысынын жыйынтыгы менен 1940-жылы 28-июнда Бессарабия жана Буковина СССРге өтүп, Молдаван ССРи жарыяланган. 1941-жылы июндан – 1944-жылы августка чейин Молдаван ССРин немистик-фашисттик аскерлер басып алган. 1945-жылдан 1991-жылга чейин Молдавия СССРдин курамында. СССРдин таркашы менен 1991-жылы 27-августтан Молдавия өз алдынча мамлекет. Румынияга ыктаган күчтөрдүн аракетинен өлкөнүн түш-чыгыш аймагында (жергиликтүү славян элдеринин арасында) сепаратисттик кырдаал курчуп, аскердик куралдуу кагылышка чейин (1990–92) жеткен. Гагауздар менен Днестрдин сол жээгинде жашаган элдер (орустар, украиндер) Молдавиядан бөлүнүп, көз каранды эмес мамлекет (Молдова Приднестр Республикасын) түзүү маселесин көтөрүшкөн. 1994-жылы парламенттик шайлоодо Агрардык демократиялык партиянын өкүлдөрү бийликке келип, рынок реформасын баштаган. Гагауздар менен приднестрликтерге конституцияга ылайык кеңири автономия укугун берүү жөнүндө мыйзам кабыл алган. 2009-жылы 7-апрелде өлкөнүн борборунда баш аламандыктар башталып, оппозиция күчтөрү президенттик сарайды, парламент имаратын ж. б. басып алып өрттөгөн. Молдавияда шайлоолор өткөрүлүп, оппозиция бийликке келген жана жаңы өкмөт түзүлгөн.
==Экономикасы==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Молдова" булагынан алынды