Википедия:Администраторду шайлоо: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
85-сап:
}}
Саламатсыздарбы.<br>
Үчүнчү жолу талапкерлигимди сунуштап жатам. Эмки жолу жамааттан '''туруктуу макам''' алууга өтүнөм. Биздин Википедиябызда көптөн бери туруктуу администратор жок болууда. Бул көрүнүш чоң кыйынчылыктарга алып келүүдө. Себептери төмөнкүдө.
Үчүнчү жолу талапкерлигимди сунуштап жатам. Максатым: көзөмөлдөө улантуу.
 
<br> Рахмат.--[[Колдонуучу:Bosogo|Bosogo]] ([[Колдонуучунун баарлашуулары:Bosogo|баарлашуу]]) 09:54, 14 июнь 2022 (UTC)
Викикипедия ― биринчи ордунда '''энциклопедия'''. Энциклопедия актуалдуу жана так болушу керек. Википедиянын спецификасына байланыштуу долбоорубузда көптөгөн орфографиялык, лексикалык ж.б. каталар; ачык вандализм; жарнама макалалар; бир предметти чагылдырган 3-4 макалалар да болууда. Бул баары Кыргыз Википедиясынын баркына чоң сокку. Википедиябыздын баркын чыңдоо үчүн баары бир тартипте, нейтралдуулук принцибинде, булактардын негизинде, энциклопедиялык маанилүүлүгү талаптары колдонулуп, энциклопедиялык түрдө жазылышы керек.
 
Мисалы: [[Гүлзаада Исламбек кызы]] макаласы Википедиянын ар кайсы тил бөлүмдөрүндөгү калыптанган инсандын маанилүүлүгү талаптарына жооп бербейт. Эгерде, мындайча макалалар түзүлө берсе Википедиябыз энциклопедиядан социалдык тармактарынны бирине айланат (ар бирөө "жеке баракчаларын ача берет"). Википедия издөө тутумдардыгы жыйынтыктарды жакшыртуу плантформасына айланат. Анда, дүйнө жүзүгдөгү бардык 8 миллиардга жакындап барган адам тууралуу жазуу туура келип калат... Ошондой эле, атайын боттор же адамдар Википедияны PR платформасы катары көрүшөт, бизге окшогон жамаат көзөмөлү кээ бир учурларда начарлаган долбоорлордо булак катары өз сайт даректерин калтыршат. Эгерде алар текшерилсе жазылган текти менен темасы гана окшош. Же буйрутма макалаларын жазышат (муну да оңой текшерсе болот). Бир жолу жаңылышпасам бир чет элдик компания же адам тууралуу чакан Википедиялырында гана жазылган. Алардан катарында биздин долбоорубуз бологон. Андай макала жазып жаткандын ойунда чакан долбоорлордо мындай иш-аракет байкалбай калышы же тийиштүү реакция болбош керек эле. Ушундай сыяктуу PR ыкмалар көп. Баарына администратор көз салып, андай IP бөгөттөшү керек.
 
Жарнама макаланын дагы бир үлгүсү [[Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү]]. Бул китептин энциклопедиялык манилүүлүгү жок. Эгерде мындай макала калтырылса анда миңдеген китепче, окуу куралдар ж.б. киргизишибиз керек. Башка Википедияларда китепти анын белгилүүлүгүн, тарыхый таасирин, ким жазганын ж.б. талаптарга таянышса биз ар бир сөздүктү киргизип жатабыз... Кайсы максатта ? Мындай макалалар өчүрүлүшү керек.
 
Эгерде кээ бир барактарды багыттоонун ордуна өчүргөнүмө суроо жаралса: лексикабызга кирбеген сөздөр издөө жыйынтыктарда (Википедия алкагында жана издөө тутумдарда) берилбесин деген максатта өчүргөм же азыр "өчүрүү" калыбын койдуруп жатам. Мисалы, "нефть" деген баракты "мунай" макаласына багыттадым, бирок "нефть азыктары" ж.б. "нефть" сөзү менен аталгаларды өчүргөм. Адам "нефть" кыргызча "мунай" экенин билбей "нефтти" издейт. Анда мунай барагына багытталса кийин Википедиядан мунайды гана издөө керек экенин түшүнөт. Ошентип аз аздан туура сөздөрдү колдонуу калыптанат. Эгерде аталышында "нефть" сөзү менен башка барактарды калтырсак википедиячылар ички шилтемелерди бергенде туура жазылышынын колдонбой тескстте болгон каталарды көбөйтө берет.
 
Жогороду айтылган жана башка учурлардагы маселелерди чечүү үчүн администратор керек. Мурда макамды алганда (9 ай жалпысы) колдон келишинче дээрлик күн сайын Википедиябызга кирип ар бир түзөтүүнү текшерип чыкчумун, азыр да карап турам (талаш маселерибиз болгонуна карабастан бул жаатта @[[Колдонуучу:Абдырашит Сатылганов|Абдырашит Сатылгановду]] белгилеп кетким келет). Бирок, эми жалпылап алганда жамаат "өчүрүү" калыбын койгондон башка эч нерсе кыла албайт. Андай калып менен барактар мурдагыдай жылдарга созулуп тура берет.
 
Администратор башка колдонуучулар менен тең укуктуу. Эгерде иш-аракеттерим Кыргыз Википедиясына зыян алып келсе, каалаган убакытта каалаган википедиячы мени администратор макамымдан ажыратуу жөнүндө талкуу баштай алат. Кыргыз Википедиясына катышканым кыргыз элиме жана тилиме пайда тийиши. Макамды да ушул гана максатта алганы жатам. Мен үчүн ар бир 3 же 6 ай сайын бирөөдөн макам алуу үчүн сурануу ыңгайсыз. Эми жамаатыбыздын аз жигердүүлүгүн эске алганда администраторду шайлоо кээ бир учурларда болбой калышы мүмкүн. Бул да факторду эске алганда долбоорубуз администратор гана кыла турган чараларды көрбөй калууда. Менимче бул терс көрүнүш. Анткени өз убагында баары оңдолуп турса жакшы.
 
2018-жылдан бери катышуумда чоң тажрыйба топтодум. Чоң жамааттуу Википедия кантип иштей турганын көрдүм. Мурдагы администраторлук иш-чараларым көрүлгөн практиканын алкагында болгон. 2013-жылдан бери өткөрүлбөгөн талкуулар өткөрүлдү. Администратордун дагы бир милдети талаш маселелерди чечүү. Албетте мен да идеалдуу эмесмин, бирок калыптанган практиканы эске алып иштөөгө убада берем.
 
<br>'''Максатым:''' көзөмөл жүргүзүү, татаал талаш-тартыш маселелерди чечүү, [[башбарак|башкы баракты жакшыртуу]], сапаттуу мазмунду түзүүдө түрткү болуу
 
Биринчи жолу администраторлукка өтүнгөмдө ([[Википедия:Администраторду шайлоо/Архив/2021]]) ал жерде айтылган убадалар ашырылбай калган (ички тутумун түзүү жана автордук укугу чектелген файлдар үчүн Кыргыз Википедиясына жүктөө мүмкүнчүлүгүн орнотуу). Бирок, кийинчерээк ички тутумду тузүү алдын ала Википедиябыздын аталышынан башташ керегине келгем. Талкуу баштоо (өз тажрыйбам жана долбоордо андай талкуу 2013-жылдан бери жок болчу) жана аны ашыруу оңой болгон эмес. Ошондой эле, башкы барактын көрүнүшү өзгөртүлгөн. Калган убакытта көзөмөлдөө менен жана иреттөө менен алектенгем. Талкуу жүргүзүү ж.б. иш-чараларды каалаган колдонуучу жүргүзө алат. Бирок, чакан долбоордо администратор катары бул иштерди алдыга түртүү зарылчыгы көрүнүп турат. Энциклопедияны түзүү тутумдук (системалык) түрдө болуш керек. Азырынча бир да эрежебиз жок. Мисалы, жамаат макала атоо эрежелерин аныктай элек ж.б. көптөгөн маселе чечилбей жатат. Аларды чечүү (талкуу жүргүзүү) алдында келечектеги эрежелердин пайдубалын түзгөн "беш принцибин", Викимедиа фондунун саясаттарын которуп, жамаат порталынын кандай иштей турганын, [[Википедия:глоссарий|глоссарийди]] тактап жана процедуралык эрежелерден, аларды камсыз кылган калыптарды даярдоодон баштап керек деп эсептейм.
 
<br> Рахмат.--[[Колдонуучу:Bosogo|Bosogo]] ([[Колдонуучунун баарлашуулары:Bosogo|баарлашуу]]) 0908:5428, 1415 июньАвгуст (Баш оона) 2022 (UTC)
 
== Mirzoulug'bek ==