Жарандык милдет: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
 
1-сап:
'''Жарандык милдет''' же '''атуулдук милдет''' ― конституция, укук актылар тарабынан бекитилген укуктук милдеттерди конкреттүү өлкөнүн жараны сөзсүз түрдө аткаруусу. Жарандык милдети алуу, ажыроо, эл аралык макулдашуу, мыйзам аркылуу жүргүзүлөт. Жарандык милдетин өнүгүшү бир нече этапкатапка бөлүнөт.
 
Мисалы: Байыркы Кытайда баш ийүүчүлүк абалы аталган, байыркы Грецияда [[Сократ (философ)|Сократ]] – жарандык милдет бардык эркин жарандар үчүн ак иш деген. Кайра жаралуу доорунда жарандык милдет инсандын мамлекетке, коомго болгон эркин мамилесин түшүндүргөн. Мында милдет – көбүнчө ишенимге таянган. Франция революциясынын тушунда 1789–1794-ж. жарандык милдет жарандын улуттук, элдин алдындагы милдети катары белгиленген. Адам укугунун декларациясында жарандык милдет ар бир адам өз укугун, эркиндигин ишке ашырууда. Коомдук насаат, тартипти камсыз кылуу максатында, башкалардын укук, эркиндигине шек келтирбей тургандай болуусу керек деп айтылат. Ар бир адам өзү кирген жамааттын алдында милдеттүү. Социалдык абал, ата-теги ж. б. ушул сыяктуу – көп мезгилге чейин Совет өлкөсүнүн жарандаын башка өлкөлөрдөн айырмалап кароого алып келген эле.
 
== Булактар ==
 
 
 
==Колдонулган адабияттар==
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-020-8