Хива хандыгы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Белги: Жаңы багыттама
Хива (хорезм) хандыгы макаласынан көчүрүлдү
1-сап:
#REDIRECT [[Хива (хорезм) хандыгы]]
 
{{merge|Хива (хорезм) хандыгы}}
 
'''Хива хандыгы''' - [[Орто Азия|Орто Азиядагы]] 16- 20-кылымдын башындагы [[феодалдык мамлекет]].
Line 9 ⟶ 7:
1873-ж. орус аскерлери Хива хандыгын каратып, тынчтык келишими боюнча Хива хандыгы Аму-Дарыянын оң жээгинен баш тартып, Россиянын вассалына айланган. Хива хандыгынын калкы (өзбек, туркмен, каракалпак, казак) дыйканчылык жана малчылык менен кесип кылган. Хандыкта феодалдык, мамилелер менен катар патриархалдык-уруулук, кулчулук түзүлүштүн калдыктары да сакталып, хан чексиз бийлик жүргүзгөн. [[Октябрь революциясы|Октябрь революциясынын]] жеңишинен кийин 1920-ж. 2-февралда көтөрүлүш чыгарган эл [[Кызыл Армия|Кызыл Армиянын]] жардамы менен хан бийлигин кулатып, ошол эле жылы 26-апрелде [[Хорезм элдик советтик республикасы|Хорезм Элдик Советтик Республикасы]] жарыяланган.
 
Хорезм тууралуу алгачкы маалыматтар б. з. ч. 8-7-кылымга тиешелүү. Хорезмдин экономикалык жактан жогорку деңгээлде өнүккөндүгү, ошол кезде курулган ири ирригацициялык курулуштардын калдыктары ж. б. археологиялык казуулардын негизинде далилденген. Б. з. ч. 4-кылымдын ортосунда Ахемениддер, кийинчерээк Кангүй мамлекеттеринин, жаңы доордун башталышында Кушан падышалыгынын карамагында калган. 3-кылымдын аягынан Хорезмдин борбору Кят ш. болуп, хандыкты Афригиддер династиясы бийлеп (305995), өзүлөрүн «хорезм шахтары» деп атай башташкан. 712-ж. арабдар каратып, 10-кылымда аймактын борбору Үргөнч шаарына көчүрүлгөн. 11-кылымдын аягынан Хорезмди кайрадан шахтар бийлеп, ал 13-кылымда күчтүү мамлекетке айланган. 1220-ж. моңголдор каратып, көп өтпөй Алтын Ордонун курамына киргизилген. 1505-ж. Мухаммед Шейбани хандын карамагына өтүп, Аму-Дарыясынын нугу езгөргөнүнө байланыштуу 1573-ж. Хорезмдин борбору Хива шаарына көчүрүлгөн. Жергиликтүү калк аны Хорезм мамлекети деп атаган, бирок 17-кылымдан орус жана батыш европалык адабияттарда X. х. деген аталыш менен кезиге баштайт. 1740-ж. Надир шах каратып, ал өлгөндөн кийин (1747) X. х. үчүн коңурат (кунграт), маңгыт, йомуд урууларынын ортосунда күрөш жүргөн. 1770-ж. Мухаммед Амин-бий негиздеген конураттардын династиясынын курамына өтүп, Мухаммед Рахим-хан I (1806-25) тушунда хандыктын ээлиги бир кыйла кеңейген. 1873-ж. май айында Түркстан генерал-губернатору фон-Кауфман башында турган орус аскери Хива чебин талкалап, Мухаммед Рахим-хан Пни багынууга аргасыз кылган. 1873-ж. 12-августтагы Гендемиан тынчтык келишими боюнча [[Россия]] империясынын протектораты катары таанылган. Хива хандыгы [[1920]]-ж. жоюлган (к. Хорезм Элдик Советтик республикасы).
==Колдонулган адабияттар==
 
==Булактар==
* Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.
* «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4
 
[[Категория:Тарых]]