Хива хандыгы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
1-сап:
{{Адаштырба|Хорезм}}
 
'''Хива хандыгы''' же '''Хорезм хандыгы''', өз аталмасыатагы ― '''Хорезм''' ― 1512―1920-жылдары [[Борбордук Азия|Борбордук Азиядагы]] Хорезм тарыхый аймагында жайгашкан мамлекет.
1512-ж. өзбек ханы [[Элбарс]] негиздеген. Хандыкка байыркы [[Хорезм]], ошондой эле [[Мангышлак]], [[Дагстан|Дагестан]], [[Узбой|Узбойдо]] [[түркмөндөр]] жердеген аймак жана [[Хорасан|Хорасандын]] түндүк бөлүгү кирген. Борбору-Вазир, [[Үргөнч]], [[Хива]]. 16-18-кылымдын биринчи жарымында Хива хандыгынын ичинде өз ара күрөш жана [[Бухара хандыгы|Бухара]], [[Иран]] менен тынымсыз согуш болуп турган. Хандыктын [[Орус Императорлугу|Россия]] букаралыгына өтүүгө кылган аракети ишке ашпай, аны 1740-ж. Иран басып алган. Ал 1747-ж. кайрадан өз алдынча хандык болуп, ич-ара күрөштөн кийин 1763-ж. бийликке Коцурат династиясы келген. [[Мухаммед Рахим|Мухаммед-Рахимдин]] тушунда (1806-25) Хива хандыгын бириктируу аяктап, кубаттуу мамлекетке айланган.