Банту тилдери: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
No edit summary
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
1-сап:
'''Банту тилдери''' бенуэ-конгол тил тобу; [[Африка|Африканын]] борбордук жана түштүк аймагында жашаган банту элдеринин тили. Грамматикалык жана сөздүк курамы боюнча бири бирине өтө жакын, типологиялык жактан флексия элементтери бар агглютина тилдерге кирет. Илим бантуистика 19-кылымдын ортосунан өрүш алган. М. Гасринин классификациясы боюнча Банту тилдери 15 зонага бөлүнүп, көп сандаган тилдерден турат. Анын негизгилери: [[суахили тили|суахили]] (Танзания жана ага чектеш өлкөлөрдөгү адамдар сүйлөйт), ньямвези, [[сукума тили|сукума]], кикуйю, камба, конго, нгала (лингала), луба, мбунду, рунди, руанда, ганда, (луганда), дуала, эвондо (яуенде), булу, суто, чуана, ошондой эле шона, [[монго тили|монго]], коса, зулу, [[фипа тили|фипа]], [[гереро тили|гереро]] тилдери. Суахили тилинин таралуу чөйрөсү өтө тездик менен кеңейип, тропиктик Африканын чыгыш бөлүгүндөгү көпчүлүк өлкөлөрдүн калкынын өзара байланыш каражатына айланууда.
 
==Колдонулган адабияттар==