Мавритания: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей *** существующий текст перезаписан ***
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
9-сап:
Мавритания жаныбарларга бай; сүт эмүүчүлөрдүн 60тан ашык, уялоочу куштардын 170тей, сойлоочулардын 70тей түрү бар. Чөлдөшкөн саванналарда ири туяктуулардан – антилопа, жейрен ж. б. кездешет. Мененын бүт аймагы кургакчыл келип (анда жылдык жаан-чачындын 35–70%и гана түшөт); сугатка суу көп сарпталат, натыйжада топурак кыртышынын кайталанма шорлонушу тездеп, деградацияланууда. Чөлдөшкөн саванналарга калк жыш отурукташып, сейрек токойлор жок болууда; жээк зонасында шаарлардын көп жайгашкандыгынан биологиялык ар түрдүүлүк азаюуда. Коргоого алынган табигый аймак өлкөнүн 1,7% аянтын ээлейт. Эң белгилүү улуттук паркы – Банк-д, Арген Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген.
==Калкы==
Мавританиянын элинин басымдуу бөлүгүн (83,1%ин) маврлар (анын 1,5%и бедуиндер) түзөт; түштүк-батышында [[берберлер]], тукулёр, фульбе, волоф, сонинке ж. б. улуттар жашайт. Калкынын 80%ке жакыны өлкөнүн түштүгүндө, негизинен Сенегал дарыясынын боюнда, Мали менен чектеш аймакта отурукташкан. Расмий тили – араб тили. Ошондой эле пулар, сонинке жана волоф тилдери да колдонулат. Ислам динин тутат. Калктын орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 3,2 киши. Калкынын жашынын орточо узактыгы 60,4 жаш (эркектериники – 58,2, аялдарыныкы – 62,6 жаш). Төрөлүү өтө жогору (1000 кишиге 34,1 бала; 2009), ал эми өлүм-житим орточо деңгээли (1000 кишиге 11,6 адам). 100 аялга 93 эркек туура келет (2009). Шаар калкы 41,2%. Ири шаарлары: Нуакшот, Нуадибу, Киффа, Росо.
 
==Тарыхы==
Мавританияда байыртан эле Тропикалык Африкадан жер оодарып келген негроид расасындагы элдер жашаган. 11-кылымдын орто ченинде Мавритания аймагында Альморавиддердин күчтүү мамлекети түзүлгөн. 14–15-кылымда Мавританияда бийлик араб урууларына өткөн. 15-кылымда Мавританияга европалыктар келе баштаган. 19-кылымдын ортосунан француз колониячылар мавританиялыктардын айыгышкан каршылыгын басып, аны Француз Батыш Африканын курамындагы колонияга айланткан (1920). Мавритания элинин француз баскынчыларга каршы күрөшү 2-дүй­нөлүк согуштан кийин күчөп, өлкөдө алгачкы саясий партиялар – Мавритания ынтымагы (1946-жылы негизделген), Мавритания прогрессчил союзу (1947) түзүлгөн. Улуттук-боштондук кыймылдын күчөшү Франция өкмөтүн француз ынтымактын чегинде Мавританияга 1958-жылы автономия берүүгө мажбур болгон. 1960-жылы 28-ноябрда көз карандысыз Мавритания Ислам Республикасы жарыяланган. Мавританияны Мавритания элдик партиясы (МЭП) башкарган. 1961-жылдан БУУга мүчө. 1963-жылдан Мавритания Африкалык биримдик уюмунун курамында. 1975-жылы Мавритания Испания жана Марокко менен болгон макулдашуунун негизинде Батыш Сахара областын – Рио-де-Орону убактылуу башкарууга мүмкүндүк алган. Бирок аскердик куралдуу кагылышуулардын натыйжасында, 1978-жылы бийлик Улуттук кайра жаралуу аскер комитетине өткөн (1979-жылдан Улуттук сактап калуу аскер комитети – УСАК). 1984-жылы кан төгүүсүз төңкөрүштөрдөн кийин бийликке полковник Маауйя ульд Сиди Ахмед Тая келип, 2005-жылы 3-августта бийликтен кулатылган. Өлкөнү башкаруу Акыйкат жана демократия үчүн аскер советине (АДАС) өткөн. 2008-жылы 6-августтагы кезектеги аскер төңкөрүшүнөн кийин бийликке президенттик гвардиянын начальниги Мохамед ульд Абдель Азиз келген. Мавритания өкмөтү ички саясатында «өлкөнүн социалдык прогрессин жана улуттук биримдигин камсыз кылууну» көздөп, тышкы саясатында бейтараптыкты, бардык өлкөлөр менен кызматташтыкты жактаган, араб жана африка өлкөлөрүнүн биримдиги үчүн күрөштү колдогон.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Мавритания" булагынан алынды