Мавритания: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
9-сап:
Мавритания жаныбарларга бай; сүт эмүүчүлөрдүн 60тан ашык, уялоочу куштардын 170тей, сойлоочулардын 70тей түрү бар. Чөлдөшкөн саванналарда ири туяктуулардан – антилопа, жейрен ж. б. кездешет. Мененын бүт аймагы кургакчыл келип (анда жылдык жаан-чачындын 35–70%и гана түшөт); сугатка суу көп сарпталат, натыйжада топурак кыртышынын кайталанма шорлонушу тездеп, деградацияланууда. Чөлдөшкөн саванналарга калк жыш отурукташып, сейрек токойлор жок болууда; жээк зонасында шаарлардын көп жайгашкандыгынан биологиялык ар түрдүүлүк азаюуда. Коргоого алынган табигый аймак өлкөнүн 1,7% аянтын ээлейт. Эң белгилүү улуттук паркы – Банк-д, Арген Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген.
==Калкы==
Мавританиянын элинин басымдуу бөлүгүн (83,1%ин) [[маврлар]] (анын 1,5%и бедуиндер) түзөт; түштүк-батышында [[берберлер]], тукулёр, [[фульбелер|фульбе]], волоф, сонинке ж. б. улуттар жашайт. Калкынын 80%ке жакыны өлкөнүн түштүгүндө, негизинен Сенегал дарыясынын боюнда, Мали менен чектеш аймакта отурукташкан. Расмий тили – араб тили. Ошондой эле пулар, сонинке жана волоф тилдери да колдонулат. Ислам динин тутат. Калктын орточо жыштыгы: 1 км2 жерге 3,2 киши. Калкынын жашынын орточо узактыгы 60,4 жаш (эркектериники – 58,2, аялдарыныкы – 62,6 жаш). Төрөлүү өтө жогору (1000 кишиге 34,1 бала; 2009), ал эми өлүм-житим орточо деңгээли (1000 кишиге 11,6 адам). 100 аялга 93 эркек туура келет (2009). Шаар калкы 41,2%. Ири шаарлары: Нуакшот, Нуадибу, Киффа, Росо.
 
==Тарыхы==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Мавритания" булагынан алынды