Адам укуктары: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Адам укуктары тууралуу маалымат кошуу
Жаңы маалыматты киргизүү
1-сап:
[[Файл:HumanRightsLogo.svg|thumb|'''Адам укуктарынын логотиби.'''Логотип кол менен куштун силуэттерин айкалыштырат. ]]
'''Адам укуктары''' – Адам укуктары – бул ар бир адамдын кадыр-баркын жана эркиндигин коргоону камсыз кылган эрежелер.<ref>[[Адам укуктарынын жалпы декларациясы]] БУУнун Башкы Ассамблеясынын 1948-жылдын 10-декабрындагы [https://www.un.org/ru/documents/decl_conv/declarations/declhr.shtml 217 А (III) резолюциясы] менен кабыл алынган.</ref> Алар, ажыратылгыс, фундаменталдык (негизги) укуктар катары түшүнүлөт, алар "адам болгондугу үчүн гана таандык болгон" жана жашына, этникалык тегине, жашаган жерине, тилине, динине, этникалык таандыгына же башка статуска карабастан "бардык адамдарга мүнөздүү".<ref>[https://www.ohchr.org/en/what-are-human-rights What are human rights?] Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча Жогорку Комиссарлыгынын веб-сайты. Зиярат күнү: 22.12.2022</ref> Алар универсалдуу болуу маанисинде бардык жерде жана бардык убакта тиешелүү<ref>Nickel, James, [https://plato.stanford.edu/archives/fall2021/entries/rights-human "Human Rights"], ''The Stanford Encyclopedia of Philosophy'' (Fall 2021 Edition), Edward N. Zalta (ed.). Зиярат күнү: 22.12.2022</ref> жана бардыгы үчүн бирдей болуу маанисинде [[Эгалитаризм|эгалитардуу]] (тең укуктуу).
 
10-сап:
Адам укуктарынын эркин жана натыйжалуу жүзөгө ашырылышы – жарандык коомдун жана укуктук мамлекеттин негизги белгилеринин бири. Жалпыга таанылган бөлүнүшкө ылайык Адам укуктары жеке (эл аралык аталгы таанууда – [[жарандык укуктар]]), [[Саясий укуктар жана эркиндиктер|саясий]], социалдык, экономикалык, маданий, [[Экологиялык укук (жаратылыш байлыктар укугу, жаратылыш коргоо укугу)|экологиялык укуктар]] болуп айырмаланат.
 
== Тарыхы ==
Адам өмүрүнүн ыйыктыгы ишеними дүйнөнүн көптөгөн диндеринде болгон учурда деле, азыркы адам укуктарынын негиздери {{iw|алгачкы заманбап мезгилинде|алгачкы заманбап мезгилинде|en|Early modern period}} {{iw|Ренессанс гуманизминин|Ренессанс гуманизминин|en|Renaissance humanism}} доорунда башталган. Бул мезгилде европалык илимпоздор диний этиканын кандайдыр бир светтик версиясын түзүүгө аракет кылышкан<ref>Ishay, Micheline R. ''T[https://books.google.kg/books?id=YTh22XQrtlQC&printsec=frontcover&hl=ru#v=onepage&q&f=false he History of Human Rights: From Ancient Times to the Globalization Era]''. 2nd ed., University of California Press, 2008. 64-бет. </ref> Адам укуктары түшүнүгү Батышта пайда болгон деген пикирлер эң көп кездешет; башка, андан мурунку маданияттарда адеп-ахлактык жана этикалык кодекстер болсо дагы, аларда жалпысынан адам укуктарынын түшүнүгү жок болчу. Кээ бир изилдөөчүлөр "укук" деген сөздүн өзү 15-кылымга чейин эч бир тилде кездешпейт деп ишенишет.<ref>Freeman M. ''[https://books.google.kg/books?printsec=frontcover&vid=LCCN2002002945&redir_esc=y#v=onepage&q&f=false Human Rights : An Interdisciplinary Approach]''. 2nd ed. Cambridge UK: Polity Press; 2011. 15-17 бет.</ref>
 
=== Антик ===
Көптөгөн тарыхчылар Байыркы Ирандын Ахемениддер Перс империясы биздин заманга чейинки 6-кылымда Улуу Кир убагында адам укуктарынын болуп көрбөгөндөй принциптерин орноткон деп божомолдошот. Биздин заманга чейинки 539-жылы Жаңы Вавилон империясын басып алгандан кийин, падыша 1879-жылы ачылган жана бүгүнкү күндө айрымдар тарабынан адам укуктары боюнча биринчи документ катары көргөн Кир цилиндрин чыгарган.<ref>Robertson, Arthur Henry; Merrills, J. G. (1996). [https://books.google.kg/books/about/Human_Rights_in_the_World.html?id=8c26leVM4G8C&redir_esc=y ''Human rights in the world : an introduction to the study of the international protection of human rights''.] Manchester: Manchester University Press. ISBN <bdi>978-0719049231</bdi>.</ref> Цилиндр айрым комментаторлор тарабынан Жылнаама хроникаларына, Некемия жана Эзра китептеринде жазылган Кирдин жарлыктары менен байланыштырылып, еврейлерге (жок дегенде айрымдарына) Вавилондук туткундан өз мекенине кайтууга уруксат бергени айтылат. Андан тышкары, анда куугунтуксуз жана мажбурлоосуз дин эркиндиги тууралуу айтылган.<ref>Kuhrt, Amélie (February 1983). [https://www.semanticscholar.org/paper/The-Cyrus-Cylinder-and-Achaemenid-Imperial-Policy-Kuhrt/8861ccc62f95c33e33c2647c28fb0f8a79aa1aa5 "The Cyrus Cylinder and Achaemenid Imperial Policy"]. ''Journal for the Study of the Old Testament''. '''8''' (25): 83–97. doi:10.1177/030908928300802507</ref>
 
Көптөгөн ойчулдар бардык эркин жарандар саясий ассамблеяда сүйлөөгө жана добуш берүүгө укуктуу болгон Байыркы Грециянын алгачкы полистеринде жаралган жарандык концепциясын белгилешет.<ref>Shelton, Dinah (August 2007). [https://papers.ssrn.com/sol3/papers.cfm?abstract_id=1010489 "An Introduction to the History of International Human Rights Law".] George Washington University Law School. SSRN 1010489</ref>
 
Европада адам укуктарынын жаралышын 1525-жылдагы {{iw|Он эки берене|Он эки берене|en|Twelve Tables}} мыйзамында тапса болот. Он эки берене мыйзамы түзмө-түз "артыкчылыктар берилбеши керек" дегенди билдирген "Privilegia ne irroganto" принцибин белгилеген.
 
=== Алгачкы ислам халифаты ===
Тарыхчылар жалпысынан Мухаммед өз доорунун социалдык жамандыктары катары көргөн нерселерге каршы үгүттөгөн жана исламдык социалдык реформалар социалдык коопсуздук, үй-бүлө түзүмү, кулчулук, аялдардын жана этникалык азчылыктардын укуктары сыяктуу чөйрөлөрдө ошол кездеги араб коомунда болгон нерсени жакшыртууга багытталган деп макул болушат.<ref>Joseph, Najmabadi (2007). Chapter: p. 293. Gallagher, Nancy. ''Infanticide and Abandonment of Female Children''</ref><ref>[https://books.google.kg/books/about/Islam_Gender_Social_Change.html?id=RkbZWrU4UfUC&redir_esc=y Islam, Gender and Social Change] Yvonne Yazbeck Haddad, John L. Esposito. Oxford University Press, 1998</ref>
 
Мисалы, Бернард Льюистин айтымында, ислам «биринчиден эле аристократиялык артыкчылыкты жокко чыгарып, иерархияны четке кагып, таланттууларга карьера кылуу мүмкүнчүлүктөрүн ачкан.<ref name=":2">Lewis, Bernard (January 21, 1998). [https://www.nybooks.com/articles/1988/01/21/islamic-revolution/ "Islamic Revolution"]. ''The New York Review of Books''. Зиярат күнү: 02.01.2023</ref> {{iw|Жон Эспозито|Жон Эспозито|en|John Esposito}} Мухаммедди бутпарастар арабдардын кыз ымыркайларды өлтүрүү, кедейлерди эксплуатациялоо, сүткорлук, киши өлтүрүү, жалган келишимдер жана уурулук сыяктуу иш-аракеттерин айыптаган реформатор катары көрөт.<ref name=":3">[https://books.google.kg/books/about/Islam.html?id=O_-nQgAACAAJ&redir_esc=y Islam: The Straight Path], John L. Esposito. Oxford University Press, 2005</ref> Бернард Льюис исламдын эгалитардык мүнөзү "грек-римдик жана байыркы перс дүйнөсүнүн практикасында абдан маанилүү прогрессти чагылдырган" деп эсептейт.<ref name=":2" /> Мухаммед ал кездеги араб жана Моисей мыйзамдарын жана үрп-адаттарын да өзүнүн кудайлык аяндарына киргизген.<ref>Ahmed I. (1996). [https://openjournals.ugent.be/af/article/61048/galley/185453/view/ Western and Muslim Perceptions of Universal Human Rights] Afrika Focus, Vol. 10, Nr. 1-2, 1994, pp.29-54. Зиярат күнү: 02.01.2023.</ref>
 
Мухамеддин аялдардын укуктары жаатындагы реформалары никеге, ажырашууга жана мураска таасирин тийгизген.<ref name=":3" /> Оксфорддун Ислам сөздүгүндө араб аялдарынын жалпы абалынын жакшырышы кыз ымыркайларын өлтүрүүгө тыюу жана аялдардын толук инсандыгын таанууну камтыган деп айтылат.<ref name=":4">Esposito JL. ''The Islamic World : Past and Present''. New York: Oxford University Press; 2004.</ref> "Мурда атага төлөнүүчү калым катары эсептелген сеп аялдын жеке менчигинин бир бөлүгү катары сакталып калган нике белеги болуп калды."<ref name=":3" /> Ислам мыйзамдары боюнча нике мындан ары "статус" катары эмес, аялдын макулдугу милдеттүү болгон "келишим" катары каралып калган.<ref name=":4" /> Мурда мурасты эркек туугандарга гана чектеп келген патриархалдык коомдо аялдарга мурас укугу берилген.<ref name=":3" /> Кээ бир авторлор белгилегендей, «Мухаммед аялдарга үй-бүлөлүк жашоодо, никеде, билим алууда жана экономикалык иштерде алардын коомдогу абалын жакшыртууга жардам берген укуктарды жана артыкчылыктарды берген».<ref>Roald, A. S. (2000). Islam, Gender, and Social Change: By Yvonne Yazbeck Haddad and John L. Esposito (eds.), (New York and Oxford: Oxford University Press, 1997, 259 pp.). ''American Journal of Islam and Society'', ''17''(2), 130–135.</ref> Бирок, башка авторлор Мухаммеддин биринчи никесине, Мухаммеддин ата-энесинин никесине, ошондой эле Меккеде аял буркандарга табынуу сыяктуу башка жагдайларга таянып, исламга чейинки аялдар көбүрөөк эркиндикке ээ болгон деп ырасташат.<ref>[https://books.google.kg/books/about/Islam.html?id=O_-nQgAACAAJ&redir_esc=y Islam: Islam, gender and family.] Bryan S. Turner, Routledge, 2003</ref>
 
=== Орто кылымдар ===
Орто кылымдардагы адам укуктарынын концепциясы табигый укук салтына негизделген. Бул салтка Павел апостолунун алгачкы христиан ойчулдарынын эмгектери катуу таасир эткен.<ref>Carlyle, A. J. (1903). ''A History of Medieval Political Theory in the West''. Vol. 1. New York: G.P. Putnam's Sons. p. 83.</ref>
 
Бул орто кылымдагы салт 1215-жылы жарык коргөн Эркиндиктердин Улуу Хартиясына, ал болсо өз учурда жалпы укуктун жана кийинчерээк адам укуктарына тиешелүү көптөгөн конституциялык документтердин өнүгүшүнө таасир эткен. Мисалы, 1689-жылдагы Англиянын укуктар жөнүндө билли, 1789-жылдагы Америка Кошмо Штаттарынын Конституциясы, жана 1789-жылдагы Америка Кошмо Штаттарынын Конституциясы жана 1791-жылдагы Америка Кошмо Штаттарынын укуктары жөнүндө Билл.<ref>Hazeltine, H. D. (1917). "The Influence of Magna Carta on American Constitutional Development". In Malden, Henry Elliot (ed.). </ref>
 
=== I жана II Дүйнөлүк согуштарынын ортосу ===
Улуттар Лигасы 1919-жылы Биринчи Дүйнөлүк Согуш аяктагандан кийин Версаль келишими боюнча сүйлөшүүлөрдө түзүлгөн. Лиганын максаттарына куралсыздануу, жамааттык коопсуздук аркылуу согушту болтурбоо, өлкөлөр ортосундагы талаш-тартыштарды сүйлөшүү, дипломатия жана глобалдык жыргалчылыкты жакшыртуу кирген. Анын Уставында бекитилген, кийинчерээк [[Адам укуктарынын жалпы декларациясы|Адам Укуктарынын Жалпы Декларациясына]] киргизилген көптөгөн укуктарды илгерилетүү үчүн мандат болгон.
 
== Адам укуктарынын муундары ==
 
=== Биринчи муун (жеке жана саясий) ===
Биринчи муун адам укуктары негизинен эркиндикке жана саясий турмушка катышууга байланыштуу. Биринчи муундагы укуктарга башка нерселер менен катар жашоого укук, мыйзам алдында теңдик, сөз эркиндиги, дин эркиндиги, менчик укугу, адилет соттук териштирүү укугу жана шайлоо укугу кирет. Бул укуктардын айрымдары 1215-жылдагы Эркиндиктердин Улуу Хартиясынан жана 1689-жылы Англиянын Укуктар жөнүндө Биллинен келип чыккан. Биринчи муундагы адам укуктарынын толугураак тизмеси Францияда 1789-жылы Адам укуктарынын Декларациясы жана Граждандардын Актысы жана 1791-жылы АКШнын Укуктар Билли менен киргизилген.
 
Глобалдык деңгээлде, алар адегенде 1948-жылдагы Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 3-21-беренелери менен, кийинчерээк 1966-жылдагы Жарандык жана саясий укуктар боюнча эл аралык пакт менен бекитилип, эл аралык укукта статуска ээ болгон. Европада алар 1953-жылы Адам укуктары боюнча Европа конвенциясында бекитилген.
 
=== Экинчи муун (Экономикалык, социалдык жана маданий) ===
Экинчи муун адам укуктары теңчиликке байланыштуу жана Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин өкмөттөр тарабынан тааныла баштаган. Алар негизи экономикалык, социалдык жана маданий мүнөзгө ээ. Алар жарандардын ар кандай мүчөлөрүнө бирдей шарттарды жана мамилени кепилдейт. Экинчи даражадагы укуктарга адилеттүү жана жагымдуу шартта иштөө укугу, тамак-аш, турак-жай жана саламаттыкты сактоо, ошондой эле социалдык камсыздоо жана жумушсуздук боюнча жөлөкпулдар кирет. Биринчи муундагы укуктар сыяктуу эле, алар да Адам укуктарынын жалпы декларациясында камтылган жана андан ары Жалпы декларациянын 22-28-беренелеринде жана Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар боюнча эл аралык пактыда камтылган.
 
=== Үчүнчү муун (Коллективдик) ===
Үчүнчү муун адам укуктары – бул жарандык жана социалдык чектен чыккан укуктар. Бул түр укуктар көптөгөн эл аралык укуктун прогрессивдүү документтеринде көрсөтүлгөн, анын ичинде 1972-жылдагы Бириккен Улуттар Уюмунун Адамдын айлана-чөйрөсү боюнча конференциясынын Стокгольм декларациясында жана 1992-жылы Рио-де-Жанейронун айлана-чөйрөнү коргоо жана өнүктүрүү боюнча декларациясында.
 
Үчүнчү муун укуктар, укуктардын өтө кеңири спектрин камтыйт, анын ичинде:
 
* Топтук жана жамааттык укуктар;
* Өзүн өзү аныктоо укугу;
* Экономикалык жана социалдык өнүгүүгө укук;
* Дени сак чөйрөгө укук;
* Жаратылыш ресурстарына укук;
* Байланыш укугу жана баарлашуу укугу;
* Маданий мурастарга катышуу укугу;
* Муундар аралык теңчиликке жана туруктуулукка укуктар.
 
=== Төртүнчү муун ===
Бир катар аналитиктер адам укуктарынын төртүнчү муунун пайда болуп жатканын, ал жаңы укуктарды, өзгөчө технологиялык өнүгүүгө, маалыматтык-коммуникациялык технологияларга жана кибермейкиндикке байланыштуу деп ырасташат.
 
Аларга мисал:
 
* Санариптик мейкиндиктерге тен жетүү укугу;
* Санариптик өзүн өзү аныктоо укугу;
* Санарип коопсуздук укугу.
 
== Илгерилетүү стратегиялары ==
 
=== Аскердик күч ===
Коргоо жоопкерчилиги Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө мамлекеттердин калкты мыкаачылыктан коргоо үчүн кийлигишүү доктринасын билдирет.
 
Тынчтыкты сактоо туруктуу тынчтыкты жактаган шарттарды түзүүгө багытталган иш-чараларды камтыйт.<ref>What peacekeeping does, https://peacekeeping.un.org/en Зиярат күнү: 02.01.2023</ref> Изилдөөлөр жалпысынан тынчтыкты сактоо жарандык жана согуш талаасында өлүмдөрдү азайтарын, ошондой эле согуштун кайра жаралуу коркунучун азайтарын көрсөттү.
 
Бириккен Улуттар Уюмунун улуттук-мамлекеттик өкмөттөр жана уюмдар тобунун ичинде, эл аралык деңгээлде тынчтык орнотуучу күчтөр жаңжалдан кийинки аймактарда тынчтык процесстерине көз салып, байкоо жүргүзүшөт жана мурдагы согушкерлерге тынчтык келишими боюнча алар кабыл алышкан милдеттенмелерди аткарууга жардам бере алышат деген жалпы түшүнүк бар.
 
=== Экономикалык аракеттер ===
Экономикалык санкциялар көбүнчө адам укуктарын бузган адамдардан же мамлекеттерден алынат. Санкциялар көп учурда өлкөнүн калкына экономикалык жактан зыян келтирген жамааттык жазалоо өзгөчөлүгү үчүн сынга алынат.<ref>Habibzadeh, Farrokh (2018). "Economic sanction: a weapon of mass destruction". ''The Lancet''. '''392''' (10150): 816–817. doi:10.1016/S0140-6736(18)31944-5. <nowiki>PMID 30139528</nowiki>. S2CID 52074513.</ref> Ошондой эле, авторитардык өкмөттөргө каршы санкциялар өкмөттүн ички позициясын бекемдетет, анткени авторитардык өкмөттөр оппозицияга караганда каражат табуу үчүн көбүрөөк механизмдерге ээ болот деп айтылат.<ref>Nesrine Malik (3 July 2018). [https://foreignpolicy.com/2018/07/03/sanctions-against-sudan-didnt-harm-an-oppressive-government-they-helped-it/ "Sanctions Against Sudan Didn't Harm an Oppressive Government — They Helped It"] Зиярат күнү: 02.01.2023</ref>
 
Калктын каржылык жактан аялуу катмарынын саны менен адам укуктарынын бузулуу коркунучу көбөйөт. Өнөр жайы өнүкпөгөн өлкөлөрдө жакыр үй-бүлөлөрдүн кыздары көбүнчө үй-бүлөгө каржылык жүк катары каралат дагы, эрте нике учурлары жана аны менен коштолгон кыздардын укуктарынын бузулушу көбөйөт.<ref>[https://www.theguardian.com/society/2022/apr/30/ethiopian-drought-leading-to-dramatic-increase-in-child-marriage-unicef-warns "Ethiopian drought leading to dramatic increase in child marriage Unicef warns".] ''The Guardian''. 30 April 2022. </ref>
 
=== Маалыматтык стратегиялар ===
Адам укуктарынын бузулушун Бириккен Улуттар Уюмунун комитеттери, улуттук институттар жана өкмөттөр жана ошондой эле Amnesty International, Human Rights Watch, Freedom House сыяктуу көптөгөн көз карандысыз бейөкмөт уюмдар көзөмөлдөйт. Бул уюмдар адам укуктарынын бузулушу боюнча далилдерди жана документтерди чогултуп, адам укуктарын илгерилетүү үчүн кысым көрсөтөт.
 
Адамдарды адам укуктары концепциясына үйрөтүү адам укуктарынын бузулушун алдын алуу стратегиясы катары айтылып келет.
 
=== Юридикалык инструменттер ===
Төмөндө көртүлгөн эл аралык, регионалдык жана улуттук деңгээлдеги укуктук инструменттердин көптөгөн мисалдары адам укуктарын камсыз кылуучу мыйзамдарды ишке ашыруу үчүн иштелип чыккан.
 
==== Бириккен Улуттар Уюму ====
Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) адам укуктары боюнча универсалдуу мыйзамдар үчүн жалпы кабыл алынган эл аралык юрисдикцияга ээ болгон жалгыз көп тараптуу өкмөттүк мекеме болуп саналат. Бардык БУУнун Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешине жана Бириккен Улуттар Уюмунун Адам Укуктары Кеңешине консультациялык ролу бар жана БУУнун ичинде адам укуктары боюнча ар кандай келишимдерди коргоо үчүн жоопкерчиликтүү көптөгөн комитеттер бар. БУУнун адам укуктары боюнча эң жогорку органы – Адам укуктары боюнча Жогорку комиссардын аппараты.
 
==== Адам укуктары боюнча кеңеш ====
2005-жылы түзүлгөн БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши адам укуктарынын бузулушуна байланыштуу иликтөө жүргүзүүгө ыйгарым укуктарга ээ. Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө 193 мамлекеттин 47си Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын жашыруун добуш берүүсүндө жөнөкөй көпчүлүк менен шайланган кеңешке отурат. Мүчөлөр эң көп дегенде алты жыл кызмат кылышат жана адам укуктарын одоно бузгандыгы үчүн мүчөлүгү токтотулушу мүмкүн. Кеңеш Женевада жайгашкан жана жылына үч жолу чогулушат.
 
==== Эл аралык соттор ====
Адам укуктарынын айрым аспектилери боюнча дүйнөлүк мандаты же юрисдикциясы бар бир катар эл аралык таанылган уюмдар бар:
 
'''Эл аралык сот (ICJ)''' Бириккен Улуттар Уюмунун негизги сот органы болуп саналат. Ал бүткүл дүйнөлүк юрисдикцияга ээ. Аны Коопсуздук Кеңеши жетектейт. ICJ мамлекеттер ортосундагы талаш-тартыштарды чечет. ICJ жеке адамдарга карата юрисдикцияга ээ эмес.
 
'''Эл аралык кылмыш соту (ICC)''' 2002-жылы түзүлгөндөн кийин согуш кылмыштарын жана адамзатка каршы кылмыштарды иликтөө жана кылмыштардын күнөөкөрлөрүн жоопко тартуу үчүн жооптуу орган болуп саналат. Бириккен Улуттар Уюмунун мүчөлөрүнүн көбү Эл аралык Кылмыш сотуна кошула элек жана ICC алардын жарандарына карата юрисдикцияга ээ эмес, ал эми башкалары сотту түзгөн Рим статутуна кол коюшкан, бирок ратификациялай элек.<ref>United Nations. ''Multilateral treaties deposited with the Secretary-General: Rome Statute of the International Criminal Court''</ref>
 
Эл аралык соттор мамлекеттин улуттук укуктук системасы ишти өзү карап көрө албаган учурда чара көрүү үчүн бар. Эгерде улуттук мыйзам адам укуктарын коргоого жана адам укуктары боюнча мыйзамдарды бузгандарды жазалоого жөндөмдүү болсо, анда негизги юрисдикцияга улуттук сот ээ. Эл аралык укук бардык жергиликтүү каражаттар түгөнгөндө гана күчүнө кирет.<ref>[https://www.un.org/esa/socdev/enable/comp201.htm#1.1 The Resource Part II: The International Human Rights System"]. United Nations. Зиярат күнү: 02.01.2023</ref>
 
== Булактары: ==
[[Категория:Адам укуктары| ]]
[[Категория:Саясий философия түшүнүктөрү]]