Идиш жуугуч: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
No edit summary
1-сап:
'''Идиш жуугуч''' - тамак-аш өнөр жайында, үй-тиричилигинде (ашканада) колдонулуп, идиштерди автоматтык түрдө жууй турган машина. Тор же корзинадан турган жөнөкөй идиш жуугуч 1920-жылдын аягында пайда болгон. Ага кир идиштер толтурулуп, андан соң ысык суунун катуу агымы чыккан раковинага чөмүлдүрүлгөн. Азыркы электрдик идиш жуугучтун бет маңдайында идиш салуу үчүн суу өтпөгөн эшиги жана идиш үчүн пластик капталган тор зымы болот. Электр насосу май тактарын эритүү үчүн май кетиргич каражаты бар ысык суу агымын багыттап, андан соң идишти чайкап, кургатат. Бул операциялар электр-механикалык түзүлүштүн жардамы менен автоматтык түрдө ишке ашырылат. Идиш жуугуч универсал, атайын, үзгүлтүксүз жана мезгилдүү болуп бөлүнөт да, идишти суунун агымы жана щётка менен жууйт. Конструкциясы камера жана ачык түрдө жасалат. Камера тибиндеги машина идиштерди суунун агымы аркылуу же 30-60°С атайын эритме менен, ал эми ачык типтегиси щётканы колдонуп, суу же эритме менен жууйт.<ref>[https://service-spb.com.ru/help/dishwashers-tips/dishwasher-condensation/ Идиш жуугучтагы конденсация көйгөйлөрү]</ref>
[[Категория:Техника]]
==Колдонулган адабияттар==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Идиш_жуугуч" булагынан алынды