Difference between revisions of "Арча"

no edit summary
== Таралышы жана экологиясы ==
Бул ууруга киргендер Тұндұк жарым шарда, Арктикадан тарта субтропикалык тоолу аймактарга чейин таралышкан. Бир гана Африкада өскөн батыш-африка арчасы (Juniperus procera), 18° түштүктө байырлайт. Көпчүлүк түрлөрү майда ареалдарды түзүшүп тоолу өлкөлөрдүн тоо системаларында бири-бирин толуктап өсұп келишет. Баарыбызга белгилүү болгон кадимки арча — Juniperus communis, чоң ареалды ээлейт.
Дарак сымал арчалар, бийиктиги 10—15 м жетет. Мындай арчалар чакан токойлорду түзүп келишет. Буларды көбүнчө Борбордук Азиядан ([[Кыргызстан]], [[Казакстан]], [[Өзбекстан]], [[ТаджикстанТаджикистан]] ж.б.) жана кургак чөлкөмдүү Мексикадан, ошондой эле Түштүк Американын түштүк бөлүгүнөн жолуктурса болот. Арчанын башка түрлөрү майда бадалчалар болуп саналышат жана тоо этектерде чакан токойчолорду түзүп өсүшөт. Бойлору кичине болгон жайылып өскөн арчаларды тоо-таштуу жайлардан кезиктиребиз. Булар көбүнчө токойлодон жогору жайланышып аска тектүү кургак жайларда өсүшөт.
Арчалардын баардык түрлөрү күнөстүү жайларды сүйүүчү өсүмдүктөр, көпчүлүгү субстрат тандабайт жана ысыкка, туздуулукка, минералдык заттардын жетишсиздигине чыдамдуу келишет. Суукка чыдамдуулугу боюнча арчалар жогору турушат, кээ бир түрлөрү арктикалык зонада да өсүшөт.
 
4,218

edits