Корей Эл-Демократиялык Республикасы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
Белгилер: Reverted мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик колдонмодон түзөтүү iOS app edit
м Reverted edits by Lauriswift911 (talk) to last revision by Almanbet Janışev
Белги: Rollback
74-сап:
==Чарбасы==
КЭДРдин экономикасында «өз күчүнө таянуу» курсу жүргүзүлүүдө (анда оор өнөр-жайын өнүктүрүүгө артыкчылык берилет). 2002-жылдан Ички дүң продукциясынын (ИДП) өнүгүүсү байкалат (2002-ж. 1,2%; 2005-ж. 2,9%). Ошол эле учурда электр энергиясы, сырьё, түрдүү материалдар, өнөр-жай жабдуулары, азык-түлүк жетишпейт; өндүрүш каражаттарынын көбү эскирген. 2000-жылдардын ортосунан баштап банк сектору, кеме куруу, фармацевтика продукцияларын жана керектөө товарларын чыгаруу боюнча көптөгөн (айрыкча Кытай, Корей Респнын компаниялары менен) биргелешкен ишканалар уюшулган. 1960-жылдардан расмий статистикалык маалыматтар жарыяланбайт, бардык маалыматтар баа берүү мүнөзүндө (эл аралык уюмдардын, түштүк корей маалыматтары). ИДПнин көлөмү 40 млрд доллар (2008), аны киши башына бөлүштүргөндө 1800 доллардан тура келет. ИДПнин структурасында өнөр-жайынын үлүшү 43,1%, тейлөө чөйрөсүнүкү 33,6%, айыл-чарбасыныкы 23,3% (2002). ИДПнин 2008-жылдагы өнүгүүсү терс мааниде (-1,1%) болгон.
Өнөр-жайынын башкы тармактары — минералдык сырьёлорду өндүрүү, электр-энергетика, металлургия, машина куруу, химия, цемент, токой жана жыгач иштетүү. Аскердик багыттагы продукцияларды чыгаруунун мааниси зор. Таш көмүр казып алуу кыскарууда (1990-ж. 50 млн т, 2002-ж. 15 млн т); жылына 25—30 млн т күрөң көмүр казылып алынат. 2007-ж. 21,72 млрд кВт.с (1990-ж. 55,5 млрд) электр энергиясы өндүрүлгөн. Электр энергиясынын негизин ГЭС жана көмүр менен иштеген ЖЭС түзөт. ГЭС каскаддары Тэрёнган дарыясында (жалпы кубаттуулугу 750 миң кВт) жана Туманган дарыясынын куймаларында (482 миң кВт) курулган. Ири шаарларда жылуулук электр борборлору иштейт. КЭДРде электр энергиясы өтө таңкыс; тиричиликти энергия менен камсыз кылууда үзгүлтүктүүлүк мүнөздүү (Пхеньян шаарынан башкасында). Электр менен камсыз кылуу системасы жана тармагы өтө эскирген. Жаңы Кэсон — Мунсан электр өткөргүчү Корей Республикасынын энергия системасы менен туташтырылган. Деңиз порттору жана нефть куурлары аркылуу Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн, Кытайдан жана Корей Республикасынан нефть продуктулары импорттолот. Кара металлургиянын сырьёлук базасын 2 ири — Мусан жана Ыллюль темир кендери түзөт. Мусанда кен ачык жол менен казып алынып, 2 фабрикада ылганып, андан темир кен таштуу концентрат конвейер кууру (узундугу 98 км) аркылуу Чхонжин металлургиялык заводуна жеткирилет да, андан ары Кытайга жөнөтүлөт. Ыллюль кенинин кен ташы Сонимдеги металлургия заводуна жана Кансо шаарындагы болот куюучу заводго жеткирилет. Кара металлургиянын ири ишканалары Чхонжин, Кимчхэк, Сонним, Нампхо, феррокуйма заводу Пурён шаарында жайгашкан. КЭДРде түстүү металл кен таштары (цинк, коргошун, жез, никель, вольфрам, молибден) казылып алынат. Түстүү металлургиянын негизги борборлору: Нампхо, Мунчхон, Хэжу, Мунпхён, Танчхон. Машина куруу өнөр-жай негизинен куралдарды, аскердик техниканы жана ок-дары чыгарууга багытталган. Түрдүү артиллерия куралдарын (артиллерия жана зенит куралдары, [[минаатаар]]миномёт, пулемёт, автомат ж. б.), ошондой эле танк, орто жана жакын аралыктагы ракета, аскер кемелерин, суу асты менен жүрүүчү кайык, аскер автомобилдерин ж. б. чыгарат. Ошондой эле тоо-кен жабдууларын, электроника буюмдарын, станок, жол куруу техникасын (экскаватор, кран, гидравлика жабдууларын), айыл-чарба техникасын (трактор, бульдозер, трактор тетиктерин), жыгач даярдоочу техника, тектиль жабдууларын чыгаруучу ишканалары бар. Транспорттук машина куруу өнөр-жайына электровоз, локомотив, темир жол вагондорун, кеме, автомобиль (жүк ташуучу автомобиль, автомобиль кураштыруучу — жеңил, пикап, жүк ташуучу чакан машина заводдору), троллейбус, автобус, велосипед чыгаруучу ишканалар кирет. Химия өнөр-жай синтездик була, минералдык жер семирткич (калий, азот фосфор), синтездик чайыр, каустикалык сода, боёк, этилен, полиэтилен, камыштан була, резина-техникалык продукциялары, автомобиль шинасы, фармацевтика буюмдары ж. б. продукцияларды чыгарат. Цемент (2002-ж. 4 млн т өндүрүлгөн), кыш, айнек, фарфор, карапа буюмдарын чыгаруучу ишканалар иштейт. Өлкөнүн түндүк бөлүгүнүн тоолуу аймактарында жылына 600 миң м<sup>3</sup> жыгач даярдалат. Целлюлоза-кагаз өнөр-жай иштейт. Текстиль өнөр-жай жүн кездеме, тигүү жана трикотаж буюмдарын чыгарат. Бут кийим, азем белек даядоочу ишканалары бар. Тамак-аш өнөр-жайында күрүч актоо, ун, кант, балык, балык-консерва, шарап, пиво, тамеки даярдоо ишканалары иштейт.
21-кылымдын башталышынан өлкөнүн аймагынын 14% аянты иштетилет (1990-жылдары 20%). Пайдаланылуучу жердин негизги массивдери батыш жана чыгыш жээктериндеги түздүктөрдү ээлейт. Шор баскан жана кургакчыл жерлеринде ирригациялык иштер жүргүзүлгөн. 2000-жылдардын башталышында айдоо жердин 70%ке жакыны сугарылган. 1960—90-жылдары мамлекеттик жана кооперациялык ири чарбалар басымдуулук кылган. Минералдык жер семирткичтер көп чачылгандыктан (шалы палдарынын 97% аянтына жер семирткич пайдаланылган), топурак деградацияга дуушарланып, агын суу, көлдөр булганган. 1990-жылдардын ортосунан айыл-чарба техникасын пайдалануу жана жер семирткич чачуу кескин кыскарган; 21-кылымдын башында айыл-чарба иштери дээрлик кол менен жүргүзүлгөн. 2002-жылкы реформада коллективдүү чарбанын ордуна үй-бүлөлүк жана жеке чарбалар түзүлө баштаган. 1990-жылдардын ортосу — 2000-жылдардын башталышындагы табигый кырсыктар (кургакчылык, суу каптоо) азык-түлүктүн таңкыстыгына алып келди. КЭДРге Батыш Европа өлкөлөрү, АКШ, Корей Республикасы, Япония, Кытай азыктүлүктөн жардам бере баштады.
Өсүмдүк айрыкча дан эгиндерин өстүрүү өнүккөн. Негизгинен күрүч (шалы талаасынын аянты 840 миң га; 2007), жүгөрү эгилет. Дыйканчылык негизги аймагы — батыштагы түздүктөрдө, анда шалы, жүгөрү, буудай, арпа, дан буурчак, соя, өлкөнүн түндүк бөлүгүндө сулу, кара буудай, таруу, ак жүгөрү, гаолян өстүрүлөт. Чыгыш жээктеринде техникалык өсүмдүктөр: пахта, кант кызылчасы, тамеки, күн карама, кунжут, рапс, түндүгүндө картөшкө, түштүгүндө батат өстүрүлөт. Капуста, помидор, бадыраң, сарымсак, ашкабак, түрп жылына 2—3 жолу түшүм берет. Батыштагы түздүктөрдө жана тоо этектеринде алма, алмурут, өрүк, шабдаалы, кайналы, алча өстүрүлөт. Жибекчилик бардык жерде өнүккөн; женьшень, дары чөптөр чогултулат.