Солто: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик колдонмодон түзөтүү iOS app edit
No edit summary
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик колдонмодон түзөтүү iOS app edit
1-сап:
'''Солто''' [[кыргыздар|кыргыздын]] [[оңОң канат]] уруулар тобуна кирген ири уруулардын бири. [[Кыргыз санжырасы|Кыргыз санжырасында]]нда Солто уруусу [[Ак уул|Ак-Уулдун]]дун бир баласы [[Тагай бий|Тагай-бийден]]ден тарайт.
{{Уруу
|аты = Солто
18-сап:
[[Башкырлар|Башкырлардын]] [[Башкыр кыргыздары|Кыргыз]] уруусунун жарымы өзүн солтолук [[Эштек бий|Эштек бийдин]] урпагы катары санашат.
|Мөөрү = Айтамга
|Уруктары = [[Күнтуу]], [[Култуу]], Жетикул, [[Бөлөкбай, урук|Бөлөкбай]], Беш-Көөрүк, Ак-Буура, Талкан, Шалта, [[Чаа]], [[Көгөй]], Мааке, Кара-Сакал, Чоң-Карабос, Эшкожо, Кант, Чылпак, Багыш, Жоочалыш, Сөөк-Мурун, Кайдоол, [[Накай]], [[Чалаказактар|Чала-Казак]], Суу-Мурун, Төкөлдөш, [[Ажыбай, урук|Ажыбай]], [[Козор]].
|Дини = [[Ислам]]
}}
== Этногенези ==
Тагай бийдин байбичесинен [[Богорстон]], [[Койлон]], [[Кылжыр]] деген уулдар, башка аялдарынан дагы бир нече балдары болгон. Богорстондон Эштек, андан Солто туулат. Бирок, көпчүлүк учурда Эштек айтылбай, «Богорстондон болгон Солто» деген кеп айтылып калган. Солто уруусу илимий изилдөөлөрдө кыргыз этносунун өзөктүк компоненттеринин бирин түзгөн уруулардын катарына кирет. Анын түпкү теги, келип чыгышы (генезиси) жөнүндө ар кандай пикирлер айтылып, изилдөөчүлөрдүн көпчүлүгү Солто уруусунун башатын орто кылымда кыргыздар мекендеген Түштүк Сибирь аймагы менен байланыштырат жана аны кыргыз этносунун компонентиндеги байыркы катмардагы уруулар тобуна киргизишет.
 
Line 55 ⟶ 56:
 
Аталган уруктардан тышкары аларга аралашып кеткен «багыш» уруусунун кичине бөлүгү бар. Алар падышалык Россиянын мезгилинде «багыш» деп аталып, өз алдынча болуштук түзгөн. Бирок кийинки мезгилде алар «суу мурун» деген ылакап ат менен айтылып, Солто уруусунун бир бөлүгү катары эсептелинет.
== Тарыхы ==
 
Кыргыз-калмак (ойрот) согуштарынан кийин кайрадан кыргыздардын Чүйгө келиши менен Солто уруусу Чүй өрөөнүнүн борбордук бөлүгүнөн анын батыш тарабы, б. а. Ысык-Ата суусунан Куланга (Мерке, Луговой) чейинки аймакты ээлеген. Жайлоосу [[Кыргыз Ала-Тоосу]]нун күңгөйү жана [[Суусамыр]] жайлоосунун түндүк бөлүгү болгон. Азыркы учурда Чүй облусунун Ысык-Ата, Кант, Аламүдүн, Сокулук, Ак-Суу, Жайыл жана Панфилов райондорунда турушат. Булардын ичинде кыргыздын башка урууларынын («кытай», «адигине», «саруу», «сарыбагыш», «моңолдор», «азык», «жетиген», «жедигер» ж. б.) айрым өкүлдөрү дагы туруп калган жана Солто уруусунун чакан топтору башка уруулардын арасынан (мис., Ак-Талаанын Байгөнчөк айлы, Таластын башы [[Үч-Кошой]] ж. б. [[Казакстан]]дын аймагында) кездешет.
 
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Солто" булагынан алынды