Солто: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик колдонмодон түзөтүү iOS app edit
No edit summary
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик колдонмодон түзөтүү iOS app edit
22-сап:
}}
 
== Санжырада ==
[[Тагай бий]]
* [[Богорстон]]
** [[Эштек бий]]
*** '''[[Солто ата]]''', анын үч уулу болгон [[Күнтуу]], [[Култуу]] (Чылпак) анан [[Чаа]].
== Этногенези ==
Тагай бийдин байбичесинен [[Богорстон]], [[Койлон]], [[Кылжыр]] деген уулдар, башка аялдарынан дагы бир нече балдары болгон. Богорстондон Эштек, андан Солто туулат. Бирок, көпчүлүк учурда Эштек айтылбай, «Богорстондон болгон Солто» деген кеп айтылып калган. Солто уруусу илимий изилдөөлөрдө кыргыз этносунун өзөктүк компоненттеринин бирин түзгөн уруулардын катарына кирет. Анын түпкү теги, келип чыгышы (генезиси) жөнүндө ар кандай пикирлер айтылып, изилдөөчүлөрдүн көпчүлүгү Солто уруусунун башатын орто кылымда кыргыздар мекендеген Түштүк Сибирь аймагы менен байланыштырат жана аны кыргыз этносунун компонентиндеги байыркы катмардагы уруулар тобуна киргизишет.
Line 56 ⟶ 61:
Козор уругу сан жагынан өтө аз болгондугуна карабастан, солтонун ичиндеги өзгөчө бөлүкчө катары эсептелинип, санжыра боюнча ал Солтонун бир тууганы деп эсептелет. Бөлөкбайдын ичиндеги «төкөлдөш» уругу Бүтөштүн бакма баласынан тарагандыгы айтылат. «[[Чалаказактар|Чала казак]]» уругу уйгур, өзбек, казак элдеринин айрым бир майда топторунун аралашуусунан пайда болуп, Солто уруусунун ичинде туруп калган.
 
Аталган уруктардан тышкары аларга аралашып кеткен «багыш» уруусунун кичине бөлүгү бар. Алар падышалык Россиянын мезгилинде «багыш» деп аталып, өз алдынча болуштук түзгөн. Бирок кийинки мезгилде алар «суу мурун» деген ылакап ат менен айтылып, Солто уруусунун бир бөлүгү катары эсептелинет.
 
== Тарыхы ==
Кыргыз-калмак (ойрот) согуштарынан кийин кайрадан кыргыздардын Чүйгө келиши менен Солто уруусу Чүй өрөөнүнүн борбордук бөлүгүнөн анын батыш тарабы, б. а. Ысык-Ата суусунан Куланга (Мерке, Луговой) чейинки аймакты ээлеген. Жайлоосу [[Кыргыз Ала-Тоосу]]нун күңгөйү жана [[Суусамыр]] жайлоосунун түндүк бөлүгү болгон. Азыркы учурда Чүй облусунун Ысык-Ата, Кант, Аламүдүн, Сокулук, Ак-Суу, Жайыл жана Панфилов райондорунда турушат. Булардын ичинде кыргыздын башка урууларынын («кытай», «адигине», «саруу», «сарыбагыш», «моңолдор», «азык», «жетиген», «жедигер» ж. б.) айрым өкүлдөрү дагы туруп калган жана Солто уруусунун чакан топтору башка уруулардын арасынан (мис., Ак-Талаанын Байгөнчөк айлы, Таластын башы [[Үч-Кошой]] ж. б. [[Казакстан]]дын аймагында) кездешет.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Солто" булагынан алынды