Диктатордук: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик колдонмодон түзөтүү iOS app edit
Redirected page to Диктатура
Белги: Жаңы багыттама
 
1-сап:
#REDIRECT [[Диктатура]]
'''Диктатордук''' ({{lang-la|dictatura, dictatus}} которулганда – '''''чексиз бийлик''''') — кан актыруу методдору менен мамлекетти башкаруу түрү.
[[File:20th Century European Dictatorships by Duration.png | thumb | 220x124px | right | [[Европа|Европадагы]] диктатордуктун жылдары боюнча карта.]]
Диктатура байыркы Римде чексиз укук же диктатор бийликти башкарган мезгилинде пайда болгон. Диктатурада бийлик бир кишинин – диктатордун, же бир нече кишинин колуна топтолуп, мамлекет бийликтин институтары тарабынан чектелбейт жана саясат куралдуу зомбулук, [[Террор|террор]] жолу менен жүргүзүлөт. Бул учурда диктатура диктатордук бийликтин чексиздиги, көзөмөлдөнбөстүгү менен башмыйзамда жарыяланган [[Демократия|демократиялык]] укуктарга, эркиндиктерге каршы келип, өкүлдүк органдардын укуктарын чектөө жана башкалар менен мүнөздөлөт.
 
Тарыхта диктатордук режимдин орнотулушу саясий күрөштөрдүн кескин күчөшү, социалдык-экономикалык кризистердин курчушу, башкаруучу режимдин социалдык базасы тарыган же бийликке күч менен келген мезгилине туура келет.
Мисалы: Испаниядагы Франко диктатура, Германиядагы фашисттик диктатура.
 
Диктатура бийлик жүргүзүүнүн жолу катары демократиялык режимдин альтернативасы болуп саналат. Диктатура [[Авторитаризм|авторитардык]], [[Тоталитаризм|тоталитардык]], согуштук жана реакциячылык ж. б. бөлүнөт.
 
Диктатура түшүнүгү [[Марксизм|марксизмде]] өзгөчө аныктамага ээ болгон. Ал боюнча, ар кандай мамлекет белгилүү таптын диктатурасы болот, үстөмдүк кылуучу тап өз бийлигин күч менен ишке ашырат, ал эч нерсе менен чектелбей турган эч кандай мыйзамдар, абсолюттук эч кандай эрежелер менен кысым жасалбай турган, тикеден-тике зордукка сүйөнүүчү бийлик дегенден башканы билбейт.
 
[[Буржуазия|Буржуазиялык]] коомдо мамлекеттер ар түрдүү болгону менен алардын маңызы бир, акыры сөзсүз [[Буржуазия|буржуазиянын]] диктатурасы болуп эсептелет.
 
[[Капитализм|Капитализмден]] [[Социализм|социализмге]] өтүүдө [[Пролетариат|пролетариаттын]] диктатурасы башка айтканда эзүүчү азчылыктын үстүнөн эмгекчил көпчүлүктүн диктатурасы зарыл, ал диктатура [[Социализм|социализмди]] куруунун куралы болот дешкен. Бул идеянын утопия жана коркунучтуу экендигин тарых далилдеди. Иш жүзүндө өзүн [[Пролетариат|пролетариаттын]] диктатурасы деп атаган өлкөлөрдүн биринде да мындай болгон жок, тескерисинче, жол башчынын, жогорку партиялык-мамлекеттик жетекчиликтин, жалпысынан номенклатуралык катмардын гана диктатурасы болуп калды.
 
[[Пролетариат|Пролетариаттын]] диктатурасы идеясы [[Коммунист|коммунисттик]] режимге каршыларга жана башкача ойлогондорго каршы [[Репрессия|репрессия]] иштемин аткарган. Азыркы мезгилде, өзгөчө коммунисттик режим кулагандан кийин, дүйнөдөгү диктатурадын саны кескин кыскарды.
 
Пайдаланылган адабиятттар:
 
Булак 1: [http://kyrgyzinfo.ru Кыргыз Инфо]
Булак 2: [http://bizdin.kg Биздин]
 
==Колдонулган адабияттар==
* Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Саясат таануу (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-020-8
 
[[Category: Саясат]]