Дон: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
No edit summary
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
25-сап:
|Түрмөктөр Уикиказынада =
}}
'''Дон''' (иран тилдеринде – «[[суу]]», «[[дарыя]]» маанисинде; байыркы гр. Танаис) – [[Россия|Россиянын]] европалык бөлүгү аркылуу аккан дарыя. Узундугу 1870 км, алабынын аянты 422 миң км<sup>2</sup>. Орто Орус дөңсөөсүнөн башталып, [[Азов деңизи|Азов деңизинин]] Таганрог булуңуна куярда дельтаны (аянты 342 км<sup>2</sup>ге чейин) пайда кылат. Дондун өрөөнү кыйла аралыкка чейин [[Орто Орус дөңсөөсү|Орто Орус дөңсөөсүнүн]] чыгыш тик чети аркылуу өтөт. Төмөнкү бөлүгүндө жер анча эңкейиш болбогондуктан, өтө жай агат. Негизги куймалары – Хопёр, Медведица, Сал (сол); Северский Донец (оң). Орточо чыгымы 935 м<sup>3</sup>/сек. Жогорку бөлүгүндө ноябрдын башынан апрелдин ортосуна чейин, төмөн жагында декабрдын башынан марттын аягына чейин муз тоңот. Дон – кеме жүрүүчү Волга–Дон каналы аркылуу Волга дарыясы менен туташат. Дарыяга Цимлян ГЭСи жана суу сактагычы, Николаев, Константинов, Кочетов гидротүйүндөрү курулган. Балык кармалат. Сосна дарыясынын чатынан баштап кеме жүрөт (1604 км). Георгиу-Деж шаарынан тартып кеме үзгүлтүксүз каттайт (1355 км). Боюндагы негизги шаарлары: Георгиу-Деж, Калач-на-Дону, Волгодонск, Ростов-на-Дону, Азов.
 
==Колдонулган адабияттар==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Дон" булагынан алынды