Лаптевдер деңизи: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
1-сап:
[[Файл:Laptevzee.PNG|thumb|Лаптевдер деңизи.]]
[[Файл:Eisberg-Straße 2 2014-08-30.jpg|thumb|Лаптевдер деңизи.]]
'''Лаптевдер деңизи''' (мурдагы аттары – Сибирь, Норденшельд) – [[Түндүк Муз океан|Түндүк Муз океандагы]] четки [[деңиз]]. Батышынан [[Таймыр]] жарым аралы, Түндүк Жер аралыаралдары, чыгышынан [[Жаңы Сибирьсибирь аралыаралдары]] менен чектешет. Батышында Вилькицкий кысыгы жана Түндүк Жер аралынын ортосундагы кысыктар аркылуу Кара (Карск) деңизи, чыгышында Дмитрий Лаптев, Этерикан жана Санников кысыктары аркылуу Чыгыш Сибирь деңизи менен туташат. Аянты 662 миң км<sup>2</sup>, суусунун көлөмү 353 миң км<sup>3</sup>, эң терең жери 3385 м. Ири булуңдары: Хатанга, Оленёк, Буор-Хая. Деңизге Хатанга, Лена, Яна жана башка дарыялар куят. Деңиз материктик сайроондо жайгашкан, ал океан таманын карай тик түшөт. 50 мге чейинки тереңдик деңиздин 53%тейин, 1000 мден терең жери 22% аянтын ээлейт. Лаптевдер деңизи – дүйнөдөгү климаты өтө катаал деңиздердин бири. Уюлдук түн түштүгүндө 3 айга, түндүгүндө 5 айга, уюлдук күн да ушул эле мөөнөткө созулат. Абанын 0ᵒСтан төмөнкү температурасы түндүгүндө 11 ай чамасында, түштүгүндө 9 айга созулат. Январдын орточо температурасы –34ᵒСка чейин (абсолюттук минимуму –61ᵒС), июлдуку түндүк чегинде 0ᵒСтан түштүк жээктеринде 4ᵒСка чейин, кээде 22–24ᵒСка чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Кышында катуу шамал (шторм), бурганак, жайында туман болуп турат. Лаптевдер деңизи суусунун өтө муздактыгы менен өзгөчөлөнөт. Кышында муз катмарынын астындагы суунун температурасы деңиздин түштүк- чыгышында –0,8ᵒС, түндүгүндө –1,8ᵒС, тереңдиктерде –1,6ᵒСтан –1,7ᵒСка чейин. Деңиздин 250–300 м тереңдеги бөлүгүндө атлантика суусу кыйла жылуу (1,5ᵒСка чейин) келип, андан да терең жеринде 0,8ᵒС температура үстөмдүк кылат. Жайында муздан арылган бөлүгүндө, булуңчаларда суунун жука катмары 8–10ᵒСка, деңиздин борбордук бөлүгүндө 2–3ᵒСка чейин жылыйт; ал эми муз каптаган бөлүгүндө суунун температурасы тоңуу чегине жакын болот. Эриген муз жана ага куйган дарыя (730 км3 чамасында) суулары Лаптевдер деңизинде жыл ичинде 135 см калыңдыктагы тузсуз суу катмарын пайда кылат. Туздуулугу кышында түштүк-чыгышында 20–25‰, түндүгүндө 34‰ге чейин. Жайында суунун туздуулугу түштүк-чыгышында 5–10‰ге чейин төмөндөйт, түндүгүндө 30–32‰. Деңиздин үстүнкү агымы суунун циклондук айлампасын пайда кылат. Суткасына 2 жолу ташкындайт (орточо бийиктиги 0,5 м, Хатанга булуңунда 2 мге чейин). Жээги канаттуулар (кайра, чардак, чистик) базары. Морж, түлөн, деңиз коёну (лахтах), нерпа жана башка бар. Арктиканы изилдеген орус саякатчылары – Д. Я. Лаптев менен Х. П. Лаптевдин ысмынан аталган. Лаптевдер деңизи – Түндүк деңиз жолунун бир бөлүгү. Ташылган жүктүн негизги түрлөрү: жыгач, курулуш материалдары, баалуу терилер. Дарыя чаттарынан балык кармалат. Башкы порту – Тикси.
 
==Колдонулган адабияттар==