Дунай: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
No edit summary
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
 
27-сап:
'''Дунай дарыясы''' (нем. Donau, венгрче Duna, болгарча жана сербче Дунав, хорватча
Dunav, словакча Dunaj, чехче Dinaо, румынча Dunărea,
лат. Danubius, Danuvius) – Батыш Европадагы эң ири дарыя. Узундугу 2850 км. Алабынын аянты 817 миң км<sup>2</sup>. [[Германия]], [[Австрия]], [[Словакия]], [[Венгрия]], [[Хорватия]], [[Сербия]], [[Болгария]], [[Румыния]] жана [[Украина]] өлкөлөр аркылуу агып өтөт. Шварцвальд тоосунун тармактарынан башталып, Венадан жогору карай көбүнчө тоолор аркылуу, андан Темир Дарбазага чейин (Румыния менен Сербиянын чегинде) [[Ортонку Дунай түздүгү|Орто]] жана [[Төмөнкү Дунай түздүгү|Төмөнкү Дунай түздүктөрү]] аркылуу агат. [[Кара деңиз|Кара деңизге]] куярда дельтаны түзүп, 3 айрыкка (гирлого) бөлүнөт. 300дөн ашык куймасы бар (негизгилери: [[Драва]], [[Тиса]], [[Сава]], Олт, Сирет, [[Прут]]). Жаз, жай айларында кирет, орточо чыгымы 6430 м<sup>3</sup>/сек. Жогорку агымына чейин кеме жүрөт. Борбордук жана Түштүк-Чыгыш Европаны байланыштырууда транспорттук мааниси зор. Темир Дарбазада ири Жердап ГЭСи, Австрия менен Германиянын аймагында ГЭС каскады бар. Балык (көбүнчө дельтасында) кармалат. Боюнда Регенсбург (Германия), Линц, [[Вена]] (Австрия), [[Братислава]] (Словакия), [[Будапешт]] (Венгрия), Нови-Сад, [[Белград]] (Сербия), Русе (Болгария), [[Брэила]], [[Галац]] (Румыния), Измаил (Украина) жана башка шаарлар жайгашкан. Дунай – эл аралык дарыя. 1948-жылкы конвенцияда Дунайда кеме каттоо эркиндиги аныкталган; Дунай дарыясына чектешпеген өлкөлөрдүн аскер кемелеринин Дунай аркылуу өтүүсүнө тыюу салынган. Конвенция режимин сактоо боюнча (жээгиндеги өлкөлөрдүн) Дунай комиссиясы түзүлгөн.
 
==Колдонулган адабияттар==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Дунай" булагынан алынды