Минералдуу суулар: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Reverted edits by 185.65.204.203 (talk) to last revision by Chaoborus
Белги: Rollback
No edit summary
 
1-сап:
'''Минералдуу суулар''' — составындакурамында тузу, газы, органикалык заттары (тузсуз сууларга караганда) көп жана өзгөчө касиеттерге (температурасы, радиоактивдүүлүгү жогору жана башкалар) ээ болгондуктан дарылык максатта пайдаланылуучу жаратылыш суулары.
[[Файл:Минсуу.jpg|thumb|Минералдуу суулар.]]
'''Минералдуу суулар''' — составында тузу, газы, органикалык заттары (тузсуз сууларга караганда) көп жана өзгөчө касиеттерге (температурасы, радиоактивдүүлүгү жогору жана башкалар) ээ болгондуктан дарылык максатта пайдаланылуучу жаратылыш суулары.
 
== Бөлүнүшү ==
Line 7 ⟶ 6:
 
== Хлордуу натрийлүү суулар ==
[[Файл:Боржоми.jpg|thumb|Боржоми суусу.]]
Хлордуу натрийлүү суулардын көбү химиялык составы боюнча адамдын организминин ички чөйрөсүнө жакын келип, жүрөк-кан тамыр жана нерв системаларынын, муун, тери, гинекология ооруларында ванна алууга; ичеги-карын, боор, өт жолдорунун ооруларында ичүү үчүн, дем алуу органдарынын оорусун дарылоодо ингаляция жасоого колдонулат.
 
Line 26 ⟶ 24:
Бөтөлкөгө куюлган минералдуу суулар ичеги-карыны ооруган адамдарга башка дарылоо чаралары (диетотерапия, физиотерапия жана башкалар) менен бирге белгиленет. Суулардын дарылык таасири аны ичүүнүн эрежесине (убагы, өлчөмү менен ичүү), минералдуу суулардын температурасына жана башкалар жараша болгондуктан, үй шартында ичип дарылануу врачтын көрсөтмөсү боюнча гана болуу керек. Эгер врач сунуш кылган минералдуу суулар болбосо, аны химиялык составы жана таасири окшош суу менен алмаштырууга болот. Айрым минералдуу суулар лар (Боржоми, Нарзан, Жермук жана башкалар) чек коюлбай сатылып, суусун катары кеңири колдонулгандыгына карабастан, аны тамак сиңирүү органдары, бөйрөгү ооругандар, зат алмашуусу бузулгандар врачтын кеңешисиз ичүүгө болбойт, андан оору күчөп кетиши ыктымал.<br />
Табигый минералдуу суулардан башка да химиялык таза туздан даярдалган жасалма минералдуу суулар болот. Алардын составы жаратылыштагы минералдуу сууларга жакын, бирок аларды толук алмаштыра албайт. Жасалма минералдуу суулар көп тарагандары — көмүр кычкыл газдуу, сульфиддүү, азоттуу жана радондуу суулар, алар курорттордо ванна алууга, ошондой эле курорттон тышкары шартта да (физиотерапиялык дарылоочу жайларда жана ооруканаларда) колдонулат.
 
== Колдонулган адабият ==
* Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
 
== Дагы караңыз ==
* [[Минералдуу суулар (Кыргызстан)]]
 
== Булактар ==
* Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
 
[[Категория:Медицина]]