Кыргыз мамлекеттик техникалык университети: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "Исхак Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университети 1954 жылы тузулгон.( мурдагы а..."
 
No edit summary
1-сап:
Исхак Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университети 1954 жылы тузулгон.( мурдагы аталыштары Фрунзе Политехникалык Институту, Бишкек Политехникалык Институту, Кыргыз Техникалык Университети )
Университеттин уюштурулушуна, анын үзүрлүү өсүп-өнүгүшүнө түздөн-түз тиешеси бар кыргыздын улуу муундагы таланттуу мамлекеттик саясий ишмер Исхак Раззаков жана атактуу, мыкты окумуштуу-уюштуруучулар, өз ишинин патриоттору алгачкы ректорлор: Георгий Сухомлинов, Владимир Михайлович Журавлев жана анын кесиптештери профессор Акматбек Жаманбаев, Леонид Дворников, Усенгазы Асаналиев, Ташмырза Айтмурзаев, Ракым Усубакунов, У.А.Асаналиев,А.Акаев, Г.Джаманкулова жана башкалар болушкан. Бул залкар инсандардын калтырып кеткен көөнөрбөс эмгектери окуу жайыбыздын сыймыктанган аброю экендиги талашсыз.
Анткени университет түзүлгөндөн баштап эле мамлекет тарабынан анын ректоруна, мугалимдерине, инженер-лаборанттарына, коменданттарына, чарба жумушчуларына чейин институттун өркүндөшү үчүн, өзгөчө кадрлар маселесине, окуу процессинин сапатына, илимий жана социалдык иштердин ийгилигине эң жогорку жана чоң талаптар коюлган. Мына ушундай объективдүү талаптар убакыт өткөн сайын университетибиздин салтына, маданиятына айланган жана ушу күнгө чейин сакталып келе жатат. Мындай талап жамааттын ар бир мүчөсүнүн жоопкерчилигин, тартибин, биримдигин күчөтүп, "Политех" үчүн "корпоративдик тилектештик күчтүү сезимди" пайда кылды. Мамлекетибиздин колдоосу менен университетибизде чоң-чоң окуу, лаборатория имараттары салынып, эң алдыңкы материалдык-техникалык база түзүлүп, мыкты профессионал адистер менен камсыз кылынган. Мына ушундай жол политехти союз убагында эң алдыңкы ЖОЖдун деңгээлине көтөрдү жана бүткүл союз боюнча ар кандай конкурстардын жеңүү-чүлөрүнүн катарына кошту.
Кыргыз мамлекеттик техникалык университети (Политехникалык институт) 55 жылдын ичинде республикабыздын өндүрүшүнүн, курулушунун, экономикасынын үзүрлүү өнүгүшүнө түздөн-түз тиешеси бар жана салымы зор. Себеби 55 жылдын ичинде нечен миңдеген бүтүрүүчүлөрүбүз азыркы кезде биз сыймыктана турган илимге эмгек сиңирген мыкты окумуштуулар, академиктер, ойлоп табуучулар, инженерлер жана белгилүү мамлекеттик кызматкерлер, чоң-чоң өндүрүштөрдүн жетекчилери. Мындай бүтүрүүчүлөрдү даярдоодо биздин профессионал тажрыйбалуу, атактуу илимпоз ардагер окутуучуларыбыздын түздөн-түз тиешеси бар. Өзгөчө билим берүү, илим изилдөө иштеринде эң мыкты үлгүсүн түзүп, кийинки муундарга жаңы жетишкендиктер үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачып кетишкендигин турмуш өзү далилдеп келе жатат.
17-сап:
Окуу жайдагы окутуучулар жана студенттер үчүн ашканада дайыма ысык тамак-аш уюштурулган. Тамак-аштын сапаты жана анын ассортиментине такай көңүл бурулуп турат. Анан калса ашканага кирген ар бир адам тамак даярдоо процессин өз көзү менен көрө алат. Бул дагы ичкен тамагыбызга болгон өзгөчө мамиле деп ойлойм.
Университетибиздин ушундай жол менен өсүп өнүгүшү билим берүү чөйрөсүндө инженердик билим сапатын эл аралык деңгээлге жеткизерибизге ишенебиз. Анткени азыр бүтүрүүчүлөрүбүздүн 87-90% жакшы жумушка орношуп жатканы Техникалык университеттеги билим берүүнүн сапатын көрсөтүп турат. Мындай көрсөткүчтөр ар бир университеттин сыймыгы жана ийгилиги деп эсептеймин. Мындай жетишкендиктердин бирден бир себеби коллективдин биримдүүлүгү, ар бир мүчөсүнүн өз ишине болгон жоопкерчилик мамилеси жана 55 жылдан бери түптөлүп келе жаткан маданияты, традициясы. Буга далил болуп жакындагы өткөн эл аралык аттестациялоо комиссиясынын биздин университетке берген баасы.
 
Фрунзе Политехникалык Институттун жана Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университетинин ректорлору :
1954-1975 ж. - Сухомлинов Георгий Акимович, к. ф-м.н., проф.
1975-1989 ж. - Журавлев Владимир Михайлович, к.т.н., проф.
1989-1992 ж. - Мамбетов Шергазы Асанбаевич, д.т.н., проф.
1992-1997 ж. - Усубаматов Рыспек Нуркалиевич, д.т.н., проф.
1997-2003 ж. - Бримкулов Улан Нургазиевич, д.т.н., профессор, КР УИА мучо-корр.
2003-2005 ж. - Шаршеналиев Жаныбек Шаршеналиевич, д.т.н., профессор, КР УИА академиги
2005-2010 ж. - Джаманбаев Мураталы Джузумалиевич д.ф.м.н, профессор.
2010 жылдан тартып д.ф.м.н, профессор,КР ИА мучо-корр.
Дуйшеналиев Туратбек Болотбекович жетектейт.