Этика: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Этика''' Этика - философия илиминин бир булагы. Этиканын изилдеген предмети – мораль, адеп-ахла..."
(Айырма жок)

29 март 2011, саат 17:03 учурдагы нуска

Этика

Этика - философия илиминин бир булагы. Этиканын изилдеген предмети – мораль, адеп-ахлак, же нравалуулук. Этика илиминин негизги проблемасы – жамандык менен жакшылык проблемасы.

Бул терминди  илимге биринчи Аристотель киргизген. Анын  окууларында “этика”, (же “ыйман ”,“адеп-ахлак”, “нрава” дейбизби)   акылмандыкты билдирет. Бакыт, ага жетүүнүн жолдору тууралуу “практикалык” түшүндүрмө берет.  

Этика – бул адеп-ахлак, ыйман. Адамдын коомдук жана жеке турмушунда керек эрки, ички рухий сапаты тууралуу илим.

Бул илим адамды практикалык жүрүм-турумга үйрөтөт. Аристотель адамды  коом менен байланышта караган. Ал үчүн адам – коомдук-саясий киши. Аристотельдин этикасы мамлекет, анын маңызы менен максаттары, саясат менен тыгыз байланышта. 

Этиканын жалпы кабыл алган аныктамасы

Этика боюнча окумуштуулардын изилдөөлөрү жетишерлик көп болгону менен жалпы кабыл алынган аныктамалар аз эле. Окумуштуулардын жалпылаган материалдары боюнча:

«Этика – бул коомдук кызыкчылыктын бийиктигин  моюнга алган,   коомдук жана инсандык кызыкчылыктардын гармониялык, же карама-каршы  теңдиги. Обьективдүү муктаждыкктан улам моралдык талаптар жалпыдан индивидге карай болот жана  ар бир индивид коомдун кызыкчылыгы менен жашайт». 

Этика - жаратылыш программасыбы?

Каркыралардын учканын байкадыңар беле? Кимдир бирөө асманда түз үч бурчтук тартып койгондой, миңдеген километр жолдон тайбай, башчысын ээрчип кете беришет. Алардын эч бири башкалардан калып, өз аралын издөө аракетин жасабайт. Себеби, бөтөн жерде жашап кетүү үчүн жаратылыш инстинкти аларга ушундай программа берген.

Карышкырларды байкасаңар, алар кышта гана жалгыздап жанын багышат, кыйын мезгилде үйүр-үйүр болуп чогулушат. Аңчылар бу мезгилде алардын бирдиктүү аракетеринин бийик уюшкандыгын байкашат. Ууга чыккан карышкырлар «милдеттерин» так бөлүштүрүшөт. Оттоп жүргөн бугуларды тапканда, жырткычтар үйүрүнүн көбү бугулар баскан чыйырларды аңдышат, ал эми калганы бугуларга кол салат. Үркүп, бугулар көнгөн чыйырлары менен качат. Ошондо бугуп жаткан калган карышкырлардын кезеги келет. Карышкырлардын мындай «өндүрүштүк куулугу» жаратылышынанбы? же тамак таап, күн көрүү тажрыйбасынанбы? Эмнеси болсо да, айрым карышкырлардын аракети менен үйүрдүн жамааттык аракети жалпы үйүрдүн керектөөсүнөн келип чыкканы факт бойдон калууда.

Жаратылыш таанууда сүт эмүүчүлөрдүн көбү коомдошуп жашайт жана алардын ар бири кандайдыр бир миледттерди аткарышат. Ошондой милдеттердин эң маанилүүсү – башчы болуу милдети. Бул милдетти ким алса, ал жалпы үйүрдүн коопсуздугу үчүн жооп берет. Коомдун чабал мүчөлөрүн коргойт, татаал кырдаалдан чыгуу жолдорун издеп, табат. Мындай кызматка ээ болуу оңой эмес. Бул «кызматты» атаандаштары менен болгон оор таймашуудан жеңип алгандар гана ээлей алат. Адатта, мындай «кызматка» үйүйрдүн эң карыясы жана эң күчтүүсү гана эмес, эң тажрыйбалуусу келет. Эми үйүр түп оту менен буга баш ийет. Эмнеге? Себеби, жаратылыш өзү ушундай программа берген.

Ал эми маймылдар башкалардан  өзгөчө. Алар балдарын абдан жакшы көргөндүгү, жакшылык кылгындарды унутпагандыгы, кыйын акыбалга туш болгондорду куткаруу, жетим калгандарды коргоо, душмандарынан качып баратып, жарадар болгондорун гана эмес, мерт болгондорун кошо ала кетүүсү менен өзгөчөлөнүшөт. Эң кызыгы -  тартип бузгандарга чара көргөндөрү. Тентек балдарын укпагандыгы үчүн чымчып, тээп, кээде жаакка да чабышат. Тартипсиз чоңдорду тиштеп, урушат. Ал эми чектен  чыккандарды, башчыдан оолактатып  коюшат. Ошентип,   жаныбарлар дүйнөсү биологиялык түр катары өзүн-өзү сактоо үчүн   жүрүм-турумдун кошумча регулятору (жөнгө салуучусу) бар  факт катары  каралат.      

Тиричиликке маанилүү аракеттердин бирдиктүүлүгү тиги, же бу биологиялык түрдүн жашоо шарты катары жаратылыш тарабынан программаланат. Ал шарттардын иштөө механизми биологиялык түрдүн өсүүсү менен кошо өнүгүүгө жөндөмдүү. Мораль – коомдук жашоонун реалдуу компоненти. Мораль коомдун эч бир социалдык институтуна кирбегени менен коомдук жашоонун реалдуу компонети боюнча кала берет. Анын реалдуулугун коомдо жашаган ар бир инсан сезет. Ал уят, ар намыс, парз, сыяктуу нерселер менен адам баласын ар кандай эмоционалдык акыбалга алып келип, терең ойго салат. Кээде кооптуу кадамдарга да түртөт. Ошондуктан, адам баласы байыртадан өзүн-өзү таануу үчүн бу предметти үйрөнүүгө аракет жасаган. Байыркы окумуштуу философтор моралдын башкы проблемасы болгон жамандык менен жакшылык деген эмне ? Алар кайдан келип чыккан деген суроолорго жооп издешкен. Коомдогу моралдык мамилелердин ар тараптуу концепциясын, этикалык ар кандай ойлорду сын көзгө салып бир системага Аристотель келтирген.

Аристотель Аристотель – байыркы грек философторунун улуу өкүлү. Философиядагы «дуализм» окуусунун негиздөөчүсү. «Логика» илиминин атасы. Ал б.э.ч. 384-жылы Эгей деңизинин түндүк-батышындагы Стагир шаарында туулган. Аристотельдин атасы Никомах македон падышасы Аминта IIIнүн жеке дарыгери болгон. Бирок ал атасынын жолун жолдобостон, 17 жашында Афинага келип, Платонго окуучу болот. Ал жерде Аристотель Платон каза болгонго чейин жана андан кийин да он жыл болуп, Афинадан кетет. Көп саякаттайт. Кийин аны Филипп Македонский уулу Александрды окутууга чакырат. Александр Аристотельди жакшы көрүп, «экинчи атасы» катары карачу.