Уламыш: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with ''''Уламыш''', улама, аңыз – оозеки адабиятта кеңири тараган жанр. Бир топ белгилери тарабынан леген...'
 
No edit summary
1-сап:
'''Уламыш''', улама, аңыз – оозеки адабиятта кеңири тараган жанр. Бир топ белгилери тарабынан легендага өтө жакын турат, бирок айырмалануучу бөтөнчөлүгү бар, ал – тарыхый инсандар, тарыхый окуялар, көрүнүштөр тууралуу, жер-суу аттарынын келип чыгышы жөнүндө тарыхый баяндоого, чындыкка жакыныраак чечмелөөгө аракет кылынгандыгы жагынан легендага караганда фантазиядан бир топ четтейт. Демек жомоктордон ж-а легендалардан турмуш-тиричиликтин маселелерин, тарыхый негизи бар окуяларды көрсөткөндүгү м-н айырмаланат. Кыргыз уламыштары тематикасына карап, жалпысынан эки чоң топко – '''''тарыхый''''' (Чыңгыз хан, Аксак Темир, Жантай, Шабдан, Курманжан датка тууралуу уламыштар) ж-а '''''топонимикалык''''' (Бишкек, Ысык-Көл, Долон, Байтиктин боз бөлтөгү, Өзгөн, Ак-Буура, Сан-Таш ж.б. жер-суу аттарынын келип чыгышын чечмелеген аңыз кептер) '''''уламыш''''' деп бөлүнөт. Бирок легенда, жомок, уламыш деген түшүнүктөрдү так чек аралап бөлүүгө мүмкүн болбогон учурлар кездешет, демек мындай бөлүштүрүү бир топ шарттуу.
 
Философиялык көз карашта, '''уламыш''' – адамзатынын өзүн таануусунун алгачкы жолу. Уламыш байыркы калктардын аң-сезиминин жалпылуу калыбы. Уламыштарда адамдарга жана жаратылышка өзгөчө касиеттерди энчилөө оорун алган. Уламыш - адам баласынын жашоо маани-маңызын издөөгө болгон алгачкы кадамы.
[[Философия]]
[[Кыргыз эл уламыштары]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Уламыш" булагынан алынды