Анонимдүү колдонуучу
Кыргыз мамлекеттик техникалык университети (түзөтүү)
31 март 2011, саат 09:03 учурдагы нуска
, 12 жыл мурунтүзөтүүнүн түшүндүрмөсү жок
No edit summary |
No edit summary |
||
15-сап:
[[Category:1992-жыл]]
[[Category:Кыргызстан]]
**
Line 21 ⟶ 20:
Анткени университет түзүлгөндөн баштап эле мамлекет тарабынан анын ректоруна, мугалимдерине, инженер-лаборанттарына, коменданттарына, чарба жумушчуларына чейин институттун өркүндөшү үчүн, өзгөчө кадрлар маселесине, окуу процессинин сапатына, илимий жана социалдык иштердин ийгилигине эң жогорку жана чоң талаптар коюлган. Мына ушундай объективдүү талаптар убакыт өткөн сайын университетибиздин салтына, маданиятына айланган жана ушу күнгө чейин сакталып келе жатат. Мындай талап жамааттын ар бир мүчөсүнүн жоопкерчилигин, тартибин, биримдигин күчөтүп, "Политех" үчүн "корпоративдик тилектештик күчтүү сезимди" пайда кылды. Мамлекетибиздин колдоосу менен университетибизде чоң-чоң окуу, лаборатория имараттары салынып, эң алдыңкы материалдык-техникалык база түзүлүп, мыкты профессионал адистер менен камсыз кылынган. Мына ушундай жол политехти союз убагында эң алдыңкы ЖОЖдун деңгээлине көтөрдү жана бүткүл союз боюнча ар кандай конкурстардын жеңүү-чүлөрүнүн катарына кошту.
Кыргыз мамлекеттик техникалык университети (Политехникалык институт) 55 жылдын ичинде республикабыздын өндүрүшүнүн, курулушунун, экономикасынын үзүрлүү өнүгүшүнө түздөн-түз тиешеси бар жана салымы зор. Себеби 55 жылдын ичинде нечен миңдеген бүтүрүүчүлөрүбүз азыркы кезде биз сыймыктана турган илимге эмгек сиңирген мыкты окумуштуулар, академиктер, ойлоп табуучулар, инженерлер жана белгилүү мамлекеттик кызматкерлер, чоң-чоң өндүрүштөрдүн жетекчилери. Мындай бүтүрүүчүлөрдү даярдоодо биздин профессионал тажрыйбалуу, атактуу илимпоз ардагер окутуучуларыбыздын түздөн-түз тиешеси бар. Өзгөчө билим берүү, илим изилдөө иштеринде эң мыкты үлгүсүн түзүп, кийинки муундарга жаңы жетишкендиктер үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачып кетишкендигин турмуш өзү далилдеп келе жатат.
Азыркы мезгилде мамлекеттик университеттердин, өзгөчө техникалык университеттердин абалы объективдүү шарттарга байланыштуу оор. Анткени баарыбызга белгилүү, алардын негизгилери болуп, биринчиден, кадрлар маселеси б.а. университеттеги айлык маанайына, эмгек шартына байланыштуу инженердик кесиптин профессионалдуу адистери жана жаш жөндөмдүү адистер университетте калып иштебей жатышкандыгы эсептелет. Ошондой жаш адистер бизге өтө аз санда келип жаткандыгына байланыштуу вакансиялык орундарга келген эле кадрларды кабыл алуудабыз. Экинчиден, оор абалга байланыштуу акыркы он беш жылда мугалимдерибиздин квалификациясын жакшы деңгээлде
<gallery> File:Example.jpg|Caption1 </gallery> ндөтө алган жокпуз. Өзгөчө жаш мугалимдерибиз өзүнүн жөндөмдүүлүгүнө карата сабактарын берип келе атат. Чынында сабактар сапаттуу өтүш үчүн мугалимдерибиз инновациялык методикалардын, илимдин жетишкендиктеринин негизинде өтүш керек. Үчүнчүдөн, финансынын жетишсиздигине байланыштуу материалдык-техникалык базаны жаңыртуу кыйын. Мындай абал окуунун сапатына таасирин тийгизбей койбойт, анткени техникалык университеттерде окуунун 70% жакыны лабораториялык базаларда өтөт. Буга мындан башка дагы көптөгөн себептерди көрсөтүүгө болот. Бизде канткенде техникалык университетибиз окуу деңгээлин төмөндөтпөй, өсүп-өркүндөй алат жана анын кандай жолдору бар же жокпу деген стратегиялык суроо туулат. Албетте, өсүп-өркүндөөнүн ар кандай жолдору бар. Ал - ар бир университеттин негизги иши. Кыргыз мамлекеттик техникалык университети өсүү жолун 2011-жылга чейинки өнүгүү стратегиясынын планынын негизинде ишке ашырылат. Бул документте өнүгүү жолу негизинен коллективдин биримдүүлүгү аркылуу, Евросоюздун, Россиянын, Көз каранды эмес мамлекеттердин шериктештигинин (КМШ) мыкты университеттери менен эки тараптык келишимдердин, эл аралык гранттардын, проектилердин негизинде тандап алынган. Бул жол азыр үзүрлүү жыйынтыктарын берип жатат б.а. эл аралык жогорку деңгээлде жаш кадрларды даярдоо маселеси, мугалимдердин квалификацияларын жогорулатуу, илимий кадрларды даярдоо маселелери чечилип жана биргелешкен эл аралык окуу структураларын ачуу менен билим берүү стандарттарын, окуу китептерин, методикалык көрсөтмөлөрүн, инновациялык ыкмаларын колдонууда. Эл аралык гранттардын, келишимдердин негизинде материалдык-техникалык базаларыбыз жаңыланып жатат. Мисалы, Берлин колдонмо илимдеринин техникалык университети (TFH) менен биргелешкен Кыргыз-Герман техникалык факультетинин базасында Кыргызстанда биринчилерден болуп кредиттер технологиясын колдонуп, инженерлер кесиби боюнча Германиянын стандарттарынын негизинде бакалаврларды чыгардык. Азыр окутуу биргелешкен магистрдык программанын негизинде жана немис тилинде жүрөт. Берлин техникалык университетинде биздин студенттер практикалык, дипломдук иштерин аткарышат. Окутуучуларыбыз стажировкадан өтүп келишет жана немис профессорлору бизге келип толук лекциялардын циклын окуп кетишет. Азыр бул университет менен биргелешкен магистрдик программа боюнча окуу жүрүп жатат. Магистратураны бүткөндөргө эки диплом берилет. Эки тараптык келишим болгондуктан, Германиядагы Клаусталь техникалык университетине жылына бюджеттик негизде беш студент жиберебиз. Азыр ал жакта 10 студентибиз окуп жатат.
Германиядагы Касселдеги техникалык университет менен күн, шамал энергиясын колдонуу багытында магистрдик программаны биргелешип өтүп, жыйынтыгында эки тараптын диплому берилет. Москва энергетикалык университети (МЭИ) менен биргелешип ачылган факультетибизде окуу программасы МЭИнин стандарттары, окуу китептери, методикалык көрсөтмөлөрү аркылуу өтүшөт. Москвадан келген профессорлор лекция окушат жана экзамен алышат. Бул факультеттин студенттери эки университетке кабыл алынат, бүткөндө эки тараптын дипломдору берилет. Жылына мугалимдерибиз стажировкадан бюджеттик негизде МЭИден өтүп турушат. Азыр алты мугалим сертификат алып келди, окуу жылы бүткөнчө дагы алты мугалимибиз квалификациясын жогорулатып келишет. Жылына жакшы окуган эки студентибизди бюджеттик негизде бул университетке жиберип турабыз. Азыр эки студентибиз 3 курста окуп жатышат. Юбилейге арналган эл аралык конференцияны биргелешип өткөргөн жатабыз. Москвадагы Бауман атындагы мамлекеттик техникалык университети менен келишимибиздин негизинде биздин эки аспирант, эки студентибиз окуп жатат. Ошондой эле бул университет бизге үзгүлтүксүз түрдө жардам көрсөтүп, жаңы чыккан окуу китептерин көп санда бекер берип турушат. Юбилейлик эл аралык конференцияны көмөктөш болуп биргелешип өткөзгөн жатабыз.
|