Кыргыз мамлекеттик техникалык университети: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
22-сап:
Азыркы мезгилде мамлекеттик университеттердин, өзгөчө техникалык университеттердин абалы объективдүү шарттарга байланыштуу оор. Анткени баарыбызга белгилүү, алардын негизгилери болуп, биринчиден, кадрлар маселеси б.а. университеттеги айлык маанайына, эмгек шартына байланыштуу инженердик кесиптин профессионалдуу адистери жана жаш жөндөмдүү адистер университетте калып иштебей жатышкандыгы эсептелет. Ошондой жаш адистер бизге өтө аз санда келип жаткандыгына байланыштуу вакансиялык орундарга келген эле кадрларды кабыл алуудабыз. Экинчиден, оор абалга байланыштуу акыркы он беш жылда мугалимдерибиздин квалификациясын жакшы деңгээлде өркү
<gallery>
File:C:\Users\it-lab01\Pictures
File:Example.jpg|Caption1
</gallery>
ндөтө алган жокпуз. Өзгөчө жаш мугалимдерибиз өзүнүн жөндөмдүүлүгүнө карата сабактарын берип келе атат. Чынында сабактар сапаттуу өтүш үчүн мугалимдерибиз инновациялык методикалардын, илимдин жетишкендиктеринин негизинде өтүш керек. Үчүнчүдөн, финансынын жетишсиздигине байланыштуу материалдык-техникалык базаны жаңыртуу кыйын. Мындай абал окуунун сапатына таасирин тийгизбей койбойт, анткени техникалык университеттерде окуунун 70% жакыны лабораториялык базаларда өтөт. Буга мындан башка дагы көптөгөн себептерди көрсөтүүгө болот.