"Жаңыл Мырза" түзөтүүлөрүнүн айырмасы

no edit summary
(Created page with "17 кылымда нойгут уруусунан чыккан кыргыздын баатыр кызы.<br /> Манаптын Сүтөй жана Жарбан деген эк...")
 
===Жаңыл Мырза жалап ай, ===
17 кылымда нойгут уруусунан чыккан кыргыздын баатыр кызы.<br />
Манап бийдин небереси Түлкү баатыр Жаңылга үйлөнөм деп агасы Үчүкөнү, Атакозу, Чабакты баш кылып кошуун курап барат. Б. Солтоноевдин маалыматы боюнча Жаңыл Мырза азыркы Аксуу (Кытай) шаарынын чөлкөмүндө турган. Күйөөлөп баргандар Жаңыл Мырзаны үйүнөн жоолуктура алышпай калышкан. Бир чети тосуп албайт намыстанышып, бир чети, айтылуу баатырдыгын сынамака нойгуттардын жылкысын тийип алып кетишет да, бир кабарда, Турпандын башы Какшаалдын ичине келип, жатып калышат. Артынан кууп жеткен Жаңыл Мырза алгач ишти тынч бүтүрмөккө көңүлдөнөт. Бирок, атасынын "кыз бала болбой, эркек болгондо, ушинтип жоосун аяп турмак беле" - деп намысына тийгенинен улам жана Түлкү баатырдын ошол маалда жойлоп кирип барган кертайганын сөккөнүнө арданып баш баатырларды: Үчүкө, Түлкү, Аккочкор, Канкы, Атакозу, Чабакты жаа менен атып өлтүрөт. Алардын сөөгүн ардактап көмдүрүп, калган кошуунду жолуна салат.
 
Кошуундагылар келип Үчүкө Түлкүнүн атасы Сарсейитке кабар айтышат. Тейиш ханга кеңеш салышып, баатырлардын кунун нойгуттардан кууп алмакка чечим чыгарышып,эки жылдан кийин аттанып барып Жаңыл Мырзаны колго түшүрүп келишкен. Жаңылды колго түшүргөндө аялзат катары аябастан, баатыр катары кабылдашып, кадимки баатырларга көргөзүп келген кордуктарды көргөзүшөт. Жаңыл Мырзаны жоортулдун колбашчысы болгон карабагыш уруусунун бийи Калматайга алып беришет*.
Манаптын Сүтөй жана Жарбан деген эки уулу болгон. Сүтөйдүн баласы Сарсейит жана Тукур. Сарсейит билгиликтүү жана эр киши болгон. Анын Үчүкө деген баласы акылман жана эл билгич болуп Түлкү деген баласы алдыңкы баатырлардын биринен саналган. 20-жашка келгенде Көтмалдыдан Соң Көлгө карай көчүп бара жатканда Түлкүнүн энеси келинине өтө кас экен, ачууланып Түлкүнүн катыны Деркенди Кочкордун аягына эртең менен эл көчүп жатканда коё бердирген. Келиндин бешикте Тынай деген эркек баласы болгон. Ошол себептен катын аттанып кетип бара жатып, бешиктеги баласын ачып, бетинен сүйүп ыйлап айткан
 
Жаңыл Мырза Калматайдыкында биртоп жыл туруп калат да кийин качып кетет. Анын качып кетишине айылдагы кыз-келиндер себепкер болгон. Алар Жаңылдын көзгө атаар мергендигин угушуп, көргөнгө дегдешип, өнөрүн көрсөтүп берүүнү Жаңылдан суранып жатып макулдатышат. Жаңыл өзүнүн Карадолу атын, жаасын, саадагын сурап бергиле деп шарт койот. Кыз-келиндер барып Калматайдан Жаңыл Мырзанын атын, жоо жарагын сурап беришет. Убадалашкандай Жаңыл Мырза өнөрүн көргөзүп, бирок, ошол жерден мурдагы жоокердик турмушу эске түшүп, жаасын кесеп "Мен эми кеттим, артыман куубагыла, кууганың аман калбайсың" - деп жолуна түшөт. Жардаган эл, мындай адамдын сырттанын кулданткан болбойт деп Жаңыл Мырзанын азаттыгана макул болушат. Каршы болгон Калматайды атып тыштайт.
Үчукөкүн үч уулу,
Үч Үчүкө болор да.
Жалгыз Тынай кулунум,
Сенин айын не болор?
 
Жаңыл Мырзанын кайтып баргандан кийинки турмушу жөнүндө бир беткей маалымат жок. Жаңыл Мырзанын тагдырына кызыгып, изилдөө жүргүзгөн Калкан Керимаалы уулунун варианты өзгөчөлөнөт. Анын вариантында Жаңыл Мырза качканда, артынан куугун түшүп көп баатырлар мерт болот, алардын аты менен азыр да көп жерлер аталаарын айтат. Ошондой артынан куба баргандардын бири - Акатан баатыр менен Жаңыл Мырза жекеге чыгып, жараланып, бирок, аны да жеңип, алы куруп барып Качыралы капчыгайында 2-3 күң жашырынып жатып калат. Жаратынан улам жол жүрө албай, жарасы ырбап-шишип кетет. Кашкар тушунда дыйканчылык кылып жан баккан Акун деген жетим баланын багуусунда бир жылда болуп калат. Ачык жүргөндөн коркуп, изин жашырып, аргасыздан ошол балага турмушка чыгып, өмүрү кедейчиликте өткөн дейт.
Коё берилген келин Деркенди саруу кыргызы алган. Кытайга караган Аксуу шаарынын чөлкөмүндө тур­ган нойгут кыргызынын улугунун Жаңыл Мырза деген жалгыз кызы болуп, анын баатырлыгы билинип, элге даңкы чыгып калган кези экен. Үчүкө, Түлкү жана моңолдордон Атакозу, Чабак деген баатырлар баш болуп, калың кол барып, Жаңыл Мырзаны Түлкүгө алып бермекчи болуп, аттанышып барышат. Ал кезде Жаңыл Мырза элинде жок экен. Калмак менен урушканы, болжолу 1670-жыл чамасында Жетитер Чемен деген жерге кеткен чагы экен. Бир кабарда аң уулап кеткен дейт. Үчүкө, Түлкү, Атакозу, Чабак нойгутту чаап алып, көп мал алып, кайта келе жатып, Турпандын башы Какшаалдын ичине келип, жатып калган. Ушул кезде Жаңыл Мырза элине келсе, эли чабылып, чачылып жаткан, Аны көрүп калың киши алып, жоону кубалай келип, түн ичинде эл жата электе Жаңыл Мырза кууп жеткен. Жоо калың малды туюк жардын алдындагы имерилиш токойлуу булуңга токтотуп коюп, бир канчалык жылкы союп, кандуу булоон болушуп, жан казандарына салышып, бышырып жаткан чакта үстүнөн чыгат. Үчүкө, Түлкү, Атакозу, Чабак оттон алысыраак жерде олтурушканда аларды Жаңыл Мырза сынап, Түлкүнү мындай деп сынаган:
 
*Б. Солтоноевдин вариантында Жаңылды Ормотойго беришет.
Сомдогондой билектүү, сом кара таш жүрөктүү. Атакозу, Чабак үчөө бирдей көк жал бөрү экен. Түлкүгө тийсе тийип алар эр экен,— деп атууга кыйбай турганда атасы: — «Аткын, балам, — деген. Ошондо да атпастан, сорогой таштан артылып карап турган. Жаңыл Мырзаны жарыкта олтурган кишилер көрө албаган. Жана да атасы:— Аткын балам, — дегенде жааны ийининен алып, атууга көңүлдөнбөй турганда атасы: — «Кыз бала оңбосун, эркең болсо эли-журтумду талкалап, чаап алып, олжолоп бара жаткан душманды аяп турат беле,— дегенде Жаңыл Мырза саадагын сундуруп таптап, кайта тартып, жана таптап, атпаска пейилденип турганда Жаңыл Мырзанын дайым алып жүрүүчү кертайганы тигилер олтурган оттун жанына жойлоп кирип барганда Түлкү көрүп, «баягы сур канчыктын кер канчыгы экен» деп, жаасына обдулуп алганы жатканда Жаңыл Мырза Түлкүгө тийгеним менен менин сур канчык атым калбайт экен, Түлкүнү атсам агасы Үчүкө баса калганда аны атармын, Атакозу, Чабак камынып урушка чыкканча аларды атармын деп, жааны тартып жибергенде Түлкү оңкосунан кулаган. Аны Үчүкө басып калганда аны өлтүрө аткан. Атакозу, Чабак түйүлүп аттарына минерде экөөнү эки жерге атып таштаган. Калың кол быт-чыт болуп үркүп атка мине турган болуп, камоодогу жылкы чатырап үркө турган болгондо Жаңыл Мырза атына минип туруп: «Мен Жаңыл Мырзамын, жаныңардан үмүт кылып, элибизге эсен кетели десеңер, жаткан жериңерден былк этпей, жай-жайыңарга жата бергиле» дел, калың элдин үстүнөн жааны он чакты зыркырата атканда, зыркырап өткөн октун добушунан эл коркконунан былк этпестен, дир-дир этип жатып калган. Жаңылдын артынан колу келгенде кишилерине тийбестен, бешалты жылкыны сойгула деп, Жаңыл өзү жатып калган. Эртең менен Үчүкө, Түлкү, Атакозу, Чабакка жер каздырып көмдүрүп, Түлкүнүн кадыры деп алардын жолдошторуна тийбестен, аттондору менен аманэсен узатып, Жаңыл үйүнө кайткан.
 
Кайткан колдон бир киши илгери келип, бул окуяны билдирмекке Ысык Көлдүн Улаколунда төө багып жүргөн карыган Сарсейитке кез келип: — Үчүкө, Түлкү балаңыз Жаңыл Мырзанын огунан каза тапты, — дегенде: — Үчүкө, Түлкү өлсө Атакозу, Чабак бар, — деген. — Атакозу, Чабак да өлдү дегенде; — Кан уучтап түшкөн хан куя балам бар, — деп тескери карап туруп, кончунан чакчасын сууруп алып, оозуна толтура насыбай салып:
 
Үчүкө, Түлкү балам ай,
Арстан тууган Атакозу, Чабак ай
Ажалына кез келген,
Жаңыл Мырза жалап ай,
 
— деп бакырып жиберип, төөсүн көздөй бастырып кеткен.
 
Ал кезектеги кыргыздын ханынан саналган Түлкүнүн хан Тейиштин айылыңа эл чогулуп, кеңеш кылып, Түлкү, Үчүкө, Атакозу, Чабак төрт баатырдын кунун нойгуттан кантип алабыз деп сүйлөшүп олтуруп, нойгутка аттанып барууга бүтүм кылышат. Аттанып барып Жаңыл Мырзаны туткундап келишет. Колго түшкөндө кол башы болгон үчүн Жаңыл Мырзан Калматайга берген. Бирок Калматай өзү албастан, иниси Ормотойго алып бергенде Жаңыл Мырза мени Аккочкор каңкы албады, же карыса да Калматай өзү албады деп, таарынып калган. <br />
Жаңыл Мырзаны Ормотой алгандан кийин аны олжо катын, олжого түшкөн күң катын деп, көпчүлүктө уялтып айта берген. Бул сөзгө абдан капаланып, Жаңыл Мырза ичинен сыза келген. Эртең бүрсүгүнү эл жайлоого көчөт дегенде айылдагы кызкелиндер жыйылып келип, Жаңыл Мырзага жалынып, сизди жааны абдан жакшы атат деп эл-журттун баары мактайт. Бизге эл көчкөндө тамаша кылып, жаа тартып бериңиз дегенде Жаңыл Мырза биз эми байга тийип копол болуп калдык. Эми жаа тартыш бизге абдан өтө уят дегенде, кызкелиндер жалынып айта бергенде, Жаңыл Мырза андай болсо. Калматайдыкында менин саадагым октору менен жана кара атым дагы ошондо. Башка ат, башка жаа мага туура келбейт. Ошону сурап бергиле дегенде кыз-келиндер -барып, Калматайдан сураса бербеген. Кыздары болбостон экинчи сурап барып, араң алган. Атты Жаңыл Мырза колуна алып, бир-эки таң ашырып алганда эл Атбашыдан Арпага көчкөн. Көч жөнөп кеткен соң Жаңыл Мырза согуш кийимин кийинип, чачын төбөсүнө түйүп, үстүнөн баса согуш тебетейин кийип, атын бекем токунуп, саадагын байланып, окторун асынып, ары-бери атырылтып чуу коюп, кара аттан ак көбүк чыгып тердегек кезде бириңер бөркүңөрдү асманга ыргыткыла деп кыздарга айтканда, бир кыз тебетейин көккө ыргыткан. Жаңыл Мырза жерге түшүрбөй атып туруп, тебетейди жүк кылып түшүргөн. Аткан огун жерге түшүрбөстөн улам илип алып, кайта атып турган, Ошондо Жаңыл Мырза кыз-келиндерге карап: «Элин сагынбас эр болбос, үйүрүн сагынбас ат болбос, мен ургаачы болсом да эркектен артык элем. мен элимди сагындым, атым үйүрүн сагынды, кош, аман болгула», — деп бура тартканда кыз-келиндер чуркурап жалынып, айла­найын жеңе, бизди ата-энебиз өлтүрөт дегенде, андай болсо талаадан качып кетпейин, силерди жемеден куткарайын деп, 70—80 кызкелинди ээрчитип алып, көчтүн артынан жете келип, Масейилдин белинде Масейилди атып өлтүрүп, (Атбашы, Арпанын арасындагы бел) Калматай жүз чамалуу киши менен көч алды брлуп кетип бара жатканда жетип барып: «Карысаңыз да өзүңүз албадыңыз, тетиги немең мени кор кылып, олжо катын атыктырдыңыз, элин сагынбас эр болбос, үйүрүн сагынбас ат болбос, эл жакшысы кошто бар, кош аман болуңуз» деп, аттын оозун коё бергенде аты анда-мында бир тийип көз илешпей калган. Калматай кууган эмес, күйөөсү Ормотой 30-40 киши менен артынан кууп калганда Жаңыл Мырза күйөөсү экенин таанып, тура калып: «Мени кубалаба, кокустан өлүп каласың», — дегенде Ормотой болбостон жакычдап жеткенде: «Ой, байкуш жаман болсо да бир жыл койнуңа жаттым эле, каныңа забын болбоюн», — деп атын атып таштаган. Ат которуп дагы кубалаганда өз убадың өзүңө деп Ормотойду атып өлтүргөндө, эл кубалабай токтоп калган. Жаңыл Мырза аттын оозун коё берип учкан куштай болуп, кайдасың Какшаал, кайдасың нойгут деп жүрүп кеткен. Какшаалды басып, эсен-аман элине барган.
 
Жаңыл Мырза узун бойлуу, шырыктай, эки ийни кең, кара сур кыз болуп, Ормотойго тийгенде 24-жашта болгон. Мындан соң нойгуттар кыргыздан жалтанып, Бай шаарынын үстүнө кеткен. 1916-жылында кыргыз бузулуп, Кытайга качып барганда Бай өлкөсүндө көбүнчө Карабакта кыргыз бардыгы маалы болду. Алар өздөрүнүн кыргыз экендигин билсе да кайсы заманда баргандыгын, кайсы кыргыз экендигин билишпейт. Баары да отурук болгон. Отурук болсо да ар түтүнгө чарбасы, уй, кой, жылкы, төөлөрү бар. Алардын айтуунда ал жерден көп эл Лупка көчүп кеткен. Бул кабарга караганда балким нойгуттун Көлепкө кетмеги мүмкүн. Не да болсо күн батыш Кытайда нойгут кыргызы калбастан. баары да уйгурлашып отурук болгон.
 
==Колдонулган адабияттар==
[http://www.bizdin.kg/ebooks/html/sanjyra/soltonoev_kkt_1/index.html Б. Солтоноев. Кызыл кыргыз тарыхы. 1 том.]
[http://www.bizdin.kg/ebooks/html/sanjyra/usein_sanjira/section9.html#title15 Үсөйүн ажынын санжырасы]
Калкан Керималы уулу "Жаңыл", Нарын 1996
13 411

edits