Жусуп Абдрахманов: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
1-сап:
1901-1938 жж.
== АБДРАХМАНОВ Жусуп(Юсуп) ==
1901-1938
1901 жылы Күнгөй-Аксуу болушунун Чиркей кыштоосунда, азыркы Ысык-Көл районун
Жаркымбаев айылында туулган. 1938 ж. дүйнөдөн өткөн, сөөгү 1991-ж. Бишкек ш. Ата-Бейит көрүстөнүнө коюлган. Саясий ж-а мамл. ишмер; эл тарыхын объективдүү изилдөөчү. 1911–16-ж. Сазанов (азыркы Ананьев) айылындагы үч жылдык орус- жергиликтүү мектебинде, Каракол ш-ндагы жогорку башталгыч окуу жайында окуган. 1916-жылкы үр-күндө эл м-н кошо Кытайга качып, 1917-ж. кайтып келген. 1918-ж. кызыл гвардиячылардын катарына кирген ж-а Жетисуу-да Совет бийлигин чыңдоого катышкан. 1919-ж. Верный (Алматы) ш-нда командирлик курста окуган. 1919-ж. РКСМ Түркстан бюросунун президиумунун ж-а РКСМдин Жетисуу облустук Уюштуруу бюросунун мүчөлүгүнө шайланган. 1920-ж. Москвада өткөн РКСМдин 3-сьездинин делегаты болуп, анда В. И. Ленин м-н сүйлөшүп, пикир алышкан. 1920–24-ж. партиялык жооптуу кызматтарда, 1924-ж. мартта Түркстан АССРинин Борб. аткомунун президиумунун мүчөсү ж-а жооптуу катчысы болуп шайланган. 1924-ж. Кара Кыргыз автономиялуу облусунун облустук партбюросунун жооптуу катчысы болуп бекитилген. 1925-ж. майдан РКП(б) БКнын Орто Азия бюросунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары, августтан Москвада РКП(б) БКнын аппаратында инструктор. 1926-ж. октябрда Кыргызстанга келип, облустук аткомдун төрагасынын 1-орун басары, 1927-ж. марттан РСФСР БАКтын мүчөсүнүн, андан кийин Бүткүл союздук БАКтын ж-а РКП(б) БКнын Орто Азия бюросунун мүчөлүгүнө кандидат, 1933-ж. сентябрда компартияга каршы аракеттенген деген жалаа м-н ишинен бошотулуп, партиянын катарынан чыгарылган. Андан кийин Ортоңку Волга крайынын мал чарба башкармалыгынын башчысынын орун басары, 1935-жылдан Оренбург облустук аткомунун жер бөлүмүнүн башчысынын мал чарбачылык б-ча орун басары болуп иштеген. 1937-ж.
10-июнда А. контрреволюциячыл Алашордо уюмунун катышуучусу деген жалаа м-н камакка алынган. 1938-ж.
5-ноябрда атылган. 1958-ж. акталган. А. өз элинин тарыхын изилдөөчү катары респ-нын тарых илиминин өнүгүшүнүн башатында турат. Анын респ-нын тарыхы б-ча алгачкы эмгеги 1928-ж. «Кыргызстан» деген ат м-н жарык көргөн. 1916-жылкы көтөрүлүш ж-дө чындык ж-а акыйкат өңүтүнөн жазылган «Күндөлүгү» ж. б. китептери белгилүү. А-дун ысымы м-н Ысыккөл р-нундагы айыл кеңеши (мурдагы Таштак айыл кеңеши), Бишкек ш-нын бир көчөсү аталган. Туулган айылына ж-а Каракол ш-нда эстелик тургузулган.
 
== Колдонулган адабияттар ==
[http://bizdin.kg/%D0%9A%D0%B8%D1%82%D0%B5%D0%BF%D0%BA%D0%B0%D0%BD%D0%B0/%D0%A2%D0%B0%D1%80%D1%8B%D1%85/%D0%9A%D1%8B%D1%80%D0%B3%D1%8B%D0%B7-%D1%82%D0%B0%D1%80%D1%8B%D1%85%D1%8B-%D0%B1%D0%BE%D1%8E%D0%BD%D1%87%D0%B0-%D0%BA%D1%8B%D1%81%D0%BA%D0%B0%D1%87%D0%B0-%D1%8D%D0%BD%D1%86%D0%B8%D0%BA%D0%BB%D0%BE%D0%BF%D0%B5%D0%B4%D0%B8%D1%8F.html Э. Асанов. Кыргыз тарыхы боюнча кыскача энциклопедия]